Акыркы макалалар

“Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фонду “Интелектуал Мырза” билим жарышын өткөрдү

“Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фонду “Интелектуал Мырза” билим жарышын өткөрдү

Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Х.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин жыйын залында “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фонду тарабынан уюштурулган 9-10-11-класстар арасында “Интелектуал Мырза” билим жарышынын финалдык туру өткөрүлдү. Билим жарышынын максаты окуучуларды билим алууга, таланттуу окуучуларды тандоо жана аларга багыт берүү, ошондой эле эң негизгиси окуучулардын башын бириктирип, аларды өз ара таанышууга жана пикир алышууга ылайыктуу чөйрө түзүп берүү. Бул тууралуу “Марал” радиосуна “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фондунун мүдүрү Абдиталип Түлекеев билдирди.

А.Түлекеевдин айтымында жеңүүчүлөрдү чет өлкөдөгү эл аралык олимпиадаларга даярдап, алып чыгуу жана Кыргызстандын келечегине кызмат кылган жаштарды тарбиялоо.

Ал эми №69чу мектеп гимназиясынын окуу-тарбия иштери боюнча мүдүрүнүн орун басары Атыркүл Ырыскелдиеванын айтымында, мындай иш чара окуучуларга стимул болуп, билим деңгээлин жогорулатат.

Кабарды кененирээк www.maralfm.kg сайтынан аудио форматында уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...