Акыркы макалалар

КР академиги эл аралык астронавтардын академиясынын чыныгы мүчөсү болуп бекитилди

КР академиги эл аралык астронавтардын академиясынын чыныгы мүчөсү болуп бекитилди

Кыргыз Республикасынын академиги Астронавтардын эл аралык академиясынын мүчөсү болуп бекитилди. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР Эл аралык университетинин президенти Тилек Асаналиев билдирди.

“2015-жылдын 11-16-октябрында Иерусалим (Израиль) шаарында Астронавтардын эл аралык академиясында өткөн жыйында КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, эл аралык астронавтардын академиясынын мүчө-корреспонденти Асылбек Айдаралиев Эл аралык астронавтардын адемиясынын чыныгы мүчөсү болуп бекитилди. Бул биздин мамлекет үчүн чоң сыймык. Себеби, аталган академияга мүчө болуп кириш оңой эмес. А.Айдаралиев кыргыз элинен аэң лгачкы анык мүчөсү болуп бекитилди”, - деди ал.

Анын айтымында А.Айдаралиев 1977-жылы диссертациясын жактаган. Андан бери космос менен байланышкан бир топ изилдөөлөрдү талыкпай жасап келет. Бүгүнкү күндө А.Айдаралиевдин окуучуларынын арасында космоско кызыккандарынын саны да көп.

“Эл аралык астронавтардын академиясы 1960-жылы БУУнун колдоосу менен түзүлгөн. Анын башкы штабы Францияда жайгашкан. Францияда жайгашкан штаб бүгүнкү күндө космостук изилдөөлөрдү жүргүзгөн мамлекетердин баарын байланыштырып турат. Себеби, аталган академия космонавттарды даярдайт. Бул академияда дүйнө жүзүндөгү космосту изилдеген окумуштуулардын 1197 мүчөсү катталган. Анын 968и академик, 229 мүчө-корреспонденти болуп эсептелинет. Арасында 70 пайызы АКШ мамлекетинин, Россиянын жана Кытайдын академиктери түзөт”, - деп кошумчалады Т.Асаналиев.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...