Акыркы макалалар

ИИМ: Көлбаевдин кылмыштуу тобунда 464 киши бар

ИИМ: Көлбаевдин кылмыштуу тобунда 464 киши бар

Кыргызстандагы атайын каттоодо уюшкан кылмыштуу топтун 641 мүчөсү бар. Бул тууралуу Ички ишткер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Атайын ыкчам каттоодо 641 адамдан турган 4 уюшкан кылмыштуу топ бар. Анын ичинде Көлбаевдин кылмыштуу тобуна мүчө катары 464 киши кирет, Батукаевдин тобунда -53, Абакировдун кылмыштуу тобунда -74, Бокушевдин тобунда 50гө жакын адам бар.

Ушул жылдын тогуз айында укук коргоо органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун 203 мүчөсү кармалып, кылмыш жообуна тартылган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...