Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАДДА СТУДЕНТТЕР МИЛИЦИЯНЫН ТАГДЫРЫН ЧАГЫЛДЫРЫШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА СТУДЕНТТЕР МИЛИЦИЯНЫН ТАГДЫРЫН ЧАГЫЛДЫРЫШТЫ

Жалал-Абаддагы окуу жайлардын студенттери “Милициянын тагдыры” аттуу театралдаштырылган чыгармачылык кечесин өткөрүштү.

26-октябрь күнү Жалал-Абаддагы окуу жайлардын студенттеринин демилгеси менен “Милициянын тагдыры” аталышындагы театралдаштырылган кече өттү. Бул маалыматты ЖАМУнун студенти Нурсултан Рустамов билдирди.

Мындай театралдаштырылган кечени өткөрүү демилгесин жаштар көтөрүп чыгып, аны облустук милициянын өздүк курамы да колдоого алган.

“Азыркы учурда эл менен милициянын мамилеси жакшы болгону менен ал белгилүү мерчемге жете элек. Ошондуктан биз жаштар аталган демилгени көтөрдүк. Эсте каларлыгы, бул демилгебиз Кыргыз милициясынын 91 жылдыгына туура келип калды”,-дейт Н.Рустамов.

Ал эми жаштардын мындагы демилгесин колдоого алгандыктарынын себебин облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) ККБнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү Эрлан Бакиев төмөндөгүдөй билдирди:“Милиция менен коомчулукту жакындаштыруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Жалал-Абад жаштары демилге көтөрүп чыгышты. Аны милиция кызматкерлери колдоого алганыбыздын себеби элдин тынч жашоосу үчүн жаштар бизге көмөкчү болушууда”.

Белгилей кетсек, Кыргыз милициясынын 91 жылдыгына карата Жалал-Абад ОИИБнын “Мекеним менин Кыргызстан” долбоорунун алкагында жыл башынан бери милиция менен коомчулукту жакындаштыруу багытында түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, "Аймак"

Түп нускага шилтеме : aymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...