Акыркы макалалар

Таласта дыйкандар кайрадан төө буурчак маселесин көтөрүүдө

Талас районунун Көк-Ой айылынын тургуну Кененбек Кулмановдун “Азаттыкка”билдиришинче, ушул тапта Талас шаарынын борборуна 300гө чукул Бакай-Ата, Талас районунан келген дыйкандар чогулушту. Кара-Буура районунан дагы дыйкандар келери айтылууда.

Чогулгандар өткөн аптада чет элдик компаниялар менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы төө буурчакты 35 сомдон кем эмес баада алуу боюнча жетишилген макулдашуу ишке ашпай жатканына нааразы болууда.

Дыйкандардын айтуусунда, азыр көп жерлерде төө буурчакты компаниялар 29-30 сомдон эле алып жатышат. Алардын пикиринде, төө буурчактын 35 сомдон сатылышы деле арзан. Мурдагы жылдары Таласта төө буурчактын баасы 100 - 120 сомдон сатылчу.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...