Акыркы макалалар

Пианист Азамат Сыдыковдун Карнеги Холлдогу концерти аншлаг менен өттү

Нью-Йорктогу Карнеги Холлдо кыргызстандык пианист Азамат Сыдыковдун чоң концерти өттү. Бул тууралуу "ВБ"га концерттин уюштуруучусу Назира Бейшеналиева маалымдады.

Анын айтымында, 24-октябрда Нью-Йоркто Азамат Сыдыковдун концерти чоң аншлаг менен өттү.

"Кечээ Карнеги Холлдо кыргыз классикалык музыкасынын шедеврлери аткарылды. Азамат Калый Молдобасанов, Таштан Эрматов, ошондой эле Фредерик Шопен, Франц Лист менен Модест Мусоргскийдин чыгармаларын аткарды. Залга эл толуп келди, концертке музыка жаатындагы сынчылар, профессорлор жана Mannes School of Music окуу жайынын студенттери, элчилер, чет элдик коноктор, ошондой эле Азматтын мекендештери келишти. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов концертти ачты",-дейт ал.

"Белгилей кетчү жагдай, концертке Азаматтын чоң күйөрмандарынын бири, Кыргызстанда иштеп кеткен бизнесмен Ли Джон Бэк демөөрчү болгон. Ал Азаматтын Карнеги Холлдо өткөн биринчи концертинде дагы демөөрчүлүк кылган, бирок ал атын атабоону өтүнгөн. Кечээ болгон концерттен кийин Азаматтын апасы тилекке каршы, кыргызстандык ишкерлер демөөрчү болуудан баш тартышканын айтты",-дейт Бейшеналиева.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...