Акыркы макалалар

Операция жасалган Эдиль Абдрахманов №47 түзөтүү абагына караштуу Борбордук ооруканага которулду - ЖАМК

22-октябрда колго түшүрүү маалында жарадар болгон Эдиль Абдрахмановго Чүй облустук ооруканасында операция жасалды. Бул тууралуу КР жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыдалгандай, колго түшүрүлгөн Эдиль Абдрахманов сол бутунан жарадар болгон.

“Бүгүн, 23-октябрда Абдрахманов №47 түзөтүү абагына караштуу Борбордук абак ооруканасына которулду. Дарыгерлердин белгилөөсүндө, анын абалы туруктуу”, - деп белгиленген билдирүүдө.

Мекемеден кошумчалагандай, Э. Абдрахмановду Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбордун кызматкерлери көрүп келишкен. Алар белгилеп өткөндөй, ал октон жарадар болгондон тышкары, денесинен эч кандай жараат алган эмес.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...