Акыркы макалалар

Оштун бардык мектептери интерактивдик доска менен камсыз болгон

Оштун бардык мектептери интерактивдик доска менен камсыз болгон. Бул тууралуу Оштун Билим берүү башкармалыгынын башчысы Жеңиш Байзаков билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы билим берүү мекемелеринин директорлорунун буга чейинки болуп өткөн жыйынында Оштун 39 мектебине интерактивдик доскалар алынып келгендиги маалым болгон. Калган 14 мектеп мамлекеттин бюджетинен бөлүнгөн каражат аркылуу доска менен өткөн жылы камсыз болгон. Ошондой эле эл аралык долбоорлор менен иштеген айрым мектептер интерактивдик досканы демөөрчүлөр аркылуу алышкан.

"2014-2017-жылдары Ошту социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын алкагында 2017-жылга чейин Оштун бардык мектептерин интерактивдик доска менен камсыз кылуу пландалган. Бул планды биз быйыл ишке ашырдык", - деди Байзаков.

Белгилей кетсек, Ошто 53 мамлекеттик 9 жеке билим берүү мекемеси бар. Буга чейин мектептерге 30 интерактивдик доска алынып келсе, учурда алардын саны 70ке жеткен.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...