Акыркы макалалар

Таласта төө бурчактын баасын көтөрүү боюнча ишкерлер менен келишим түзүлдү

Таласта төө бурчактын баасын көтөрүү боюнча ишкерлер менен келишим түзүлдү

Бүгүн Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүндө атайын жыйын өткөрүлүп, бийлик органдары менен Таласта иштеп жатышкан төө бурчак даярдап экспорттоочу ишкерлер жана фирмалар ортосунда төө буурчактын баасын көтөрүү боюнча келишимге кол коюлду.

Бул жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байышбек Жуманазаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана төө бурчак сатып алып, экспорттоочу ишкер-бизнесмендер, фирмалардын жетекчилери, төө бурчак өндүрүүчүлөр катышышты. Бул туурасында облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилей кетсек азыркы учурда Талас облусунда төө бурчактын бир килограммы 28-30 сомдон алынууда. Бул төмөнкү баа болгондуктан облустун дыйкандары жана фермерлери өзүлөрүнүн бул өсүмдүктү өндүрүүгө болгон чыгымдары акталбай калып, нааразы болуп келишкен.

Төө бурчактын баасын көтөрүү боюнча буга чейин Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунда, Талас шаарында бир нече жолу элдик жыйындар, жолугушуулар өткөрүлүп келгендигине карабастан бул маселени чечүү кыйын болуп келген. Ошондуктан, бүгүнкү жыйында анын катышуучулары төө бурчак сатып алуунун эң төмөнкү баасы (тазалана элеги) 35 сом болсун деген чечимге келишти. Андан жогору баада алган ишкерлер колдоого алынат.

Кыргыз Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Таласка келишкен атайын өкүлдөр бардык райондордо болушуп, ишкерлер менен жолугушуп, бааны көтөрүп, турукташтыруу маселесин ар тараптан изилдеп чыгышкан. Ошентип бүгүндөн баштап төө бурчактын баасы килограммына 5-7 сомго көтөрүлдү.

Мындан тышкары Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин, айыл чарба министрлигинин сунушу менен төө бурчак даярдап өткөрүүнү координациялоо максатында Таласта бул багытта иштешкен ишкерлердин облустук ассоциясы түзүлөт. Мындан тышкары Кыргыз Өкмөтү жана облустук өкүлчүлүк төө бурчакты чет мамлекеттерге ташуу боюнча жүк ташуучу транспортторду уюштуруу жагынан жардам көрсөтөт.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...