Акыркы макалалар

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин иши тааныштырылат

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин иши тааныштырылат

Кыргызстандагы 453 айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечип, калк менен түздөн-түз иш алып барат.

Үстүдөгү жылдын 26-октябрында белгиленүүчү Жергиликтүү коомчулуктар күнүнө карата Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Бакыт Рыспаев менен маектешет.

Аталган агенттик Кыргызстан элинин салттарына негизделген өз алдынча башкаруунун айкын жана бөтөнчө бир үлгүсүн өрчүтүп калыптандырууга өбөлгө түзүп келет.

Рыспаев агенттиктин иши тууралуу окурмандарды кенен тааныштырып, алдыдагы аракеттери тууралуу маалымат бермекчи.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 453 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү) бар. Алар өлкөнүн жергиликтүү административдик бирдиктери болгон айыл аймактарынын жашоо-аракеттерин камсыз кылып, жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечип жана калк менен түздөн-түз иш алып барат.

Маек кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланат.

Sputnik (sputniknews.com) —ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги болуп саналат. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүүнү, мобилдүү тиркемелерди жана социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Атайын жазылгандар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай сыяктуу 35 тилде маалыматтарды таратат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...