Акыркы макалалар

Оштун мэри шаардыктарды "Алайга" күйөрмандык кылууга чакырды

Оштун мэри шаардыктарды "Алайга" күйөрмандык кылууга чакырды

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев түштүк борбордун жетекчилерин "Алай" футболдук командасын колдоого чакырды.

Шаар башчысы бул туурасында вице-мэрлер, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышкан коллегияда айтты.

Ал "Алай" футболдук командасы Кыргызстандын чемпиондугунда 44 упай менен биринчи орунда келе жаткандыгын билдирди.

"Футболчулар акыркы эки оюнун Ош шаарынын борбордук стадионунда ойнойт. 25-октябрда "Алай" командасы Нарын шаарынын "Ала-Тоо" командасын, ал эми 31-октябрда Бишкектин "Алга" командасын кабыл алат. Ошондуктан, баарыңыздарды — жалпы шаардыктарды алдыда боло турган эки оюнда сүйүктүү командабызды колдоого чакырам", — деди Кадырбаев.

Бул оюндар өлкөнүн футбол боюнча чемпионатынын алкагында өтүүдө.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...