Акыркы макалалар

Телеалпбаруучу Н.Айтбекова «Супер инфо» гезитин тапанча менен өлтүрөм деп коркутканы үчүн сотко берет

КТРКнын «Аалам сырлары» реалити-шоу программасынын автору Назира Айтбекова бүгүн, 1-ноябрда АКИpress агенттигинде маалымат жыйын өткөрүп, «Супер инфо» гезитин сотко бергенин билдирди.

Н.Айтбекованын айтымында, ал 30-октябрь күнү саат 11:45тер чамасында Коомдук биринчи каналдын имаратынан чыгып келе жатканда, аталган гезит тарабынан жалдаган спорттук чымыр денелүү топтошкон балдар аны белгисиз унаага кыйнап салып кетишкен.

Алар талаага алып барып, «Аалам сырлары» көрсөтүүсүнө байланыштуу бир катар суроолорду берип, «криминал чөйрөсүнүн бетин ачууга жарап калдыңбы» дешип мазактап, башына тапанча такашкан. Ошондой эле Н.Айтбекованы жарым жылаңач кылышып, зордуктап кетээрин айтышып, телефондун камерасына ырдадып, бийлетишкен.

«Андан мурунку берүүдө маркум депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө байланышкан төлгөлөр айтылгандыктан жана Муфтияттын өкүлдөрүнүн бул көрсөтүүгө каршы билдирүү жасашкандыктан чындап эле коркуп, кимдир бирөө тарабынан атайын жасалган иш деп ойлодум. Ушуну менен менин күнүм бүттү деп ойлодум, анктени башыма тапанча такап, өлтүрүп кетээрин айтышты», - дейт ал.

Жабырлануучу билдиргендей, «розыгрыш» экенин ал үч сааттан соң билген. «Менин өнөкөт астма жана бел оорум бар. Оюнду уюштуруп жатканда жүрөк же психикалык жактан оорулуу болуп калсам, ким жооп бермек эле? Бул «Супер инфо» гезити үчүн оюн болсо, мен үчүн оюн эмес. Мен аларды сотко берем», - дейт ал.

Анын айтуусунда, гезиттин журналисти Бахияна Сатылгановага жана гезиттин жетекчилигине кылмыш ишин козгоо боюнча Ленин райондук прокуратурага, Башкы прокуратурага, УКМК арыз жазды.

«Мен бул иш аягына чыкмайын, алар сот жообуна тартылмайын тынчыбайм. Анткени, бул чын эле оюн эмес эле, кимдир бирөөнүн буйрутмасы болушу мүмкүн», - дейт ал.

Күйөөсү Искендер Шаршеев Назиранын жарым жылаңач видеолору Интернетке чыгып кетсе, бул тергөөдө далил болоорун жана чара көрүү иши мындан күчөтүлөөрүн билдирди.

«Учурда гезиттин журналисти, редактору Шаиста Шатманова жана башка тааныштары ортого түшүп жатат. Биз ага карабайбыз. Жубайым кандай кордук көрүп кыйналса, алар да ошондой жоопкерчиликке тартылышы керек. Мен акыр аягына чейин чыгам. Коркутуу, зордуктоого жана өлтүрүүгө аракет көрүлгөн деген беренелер боюнча суракка алынышы керек», - деди Шаршеев.

Түп нускага шилтеме : www.barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • @ 01.11.2012 @ 16:56

    Оюндан от чыгат деген ушу.

  • Айдай @ 07.11.2012 @ 14:08

    Назира, жубайыңды аралаштырбай өзүң деле бул иштин аягына чыгып койсоң болмок.Бирок жанагы көз ачыктардын баарын эле биле берет дегенине анчейин ишенбей турамын.Анткени акыркы телекөрсөтүүдө, сен" Менин чөнтөгүмдө эмне бар?" деген сурооңо үчөөсү тең тыңгылыктуу туура жооп берген жок.Арбакты сүйлөткөн, өлтүргөндү тапкан экстрасенстериң, жөнөкөй, жеңил сенин чөнтөгүңдөгү шакекти табалбагандан кийин, заранее буларга барчу обьектке подсказка болгону байкалып калды.Антпесе телекөрсөтүү өз максатына жетмек эмес.Алып баруучу катары өзүңдү өктөм, манчыркоо, теңсинбөөчүлүк маанайда алып бардың