Акыркы макалалар

Мыйзамсыз балык кармоо фактысы көбүнчө Ысык-Көл, Соң-Көлгө туура келет

Мыйзамсыз балык кармоо фактысы көбүнчө Ысык-Көл, Соң-Көлгө туура келет

2015-жылдын башынан бери 80ге жакын мыйзамсыз балык кармоо фактысы катталды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин директору Самарбек Күчүков билдирди.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча мыйзамсыз балык кармагандарга же браконьерлерге каршы күрөш үчүн болгон аракеттер көрүлүүдө. Тагыраак айтканда, ушул жылдын башынан бери өлкө боюнча сексендей мыйзамсыз балык кармоо фактысы катталган (Бул өз кезегинде болжолу 800 миң сомдон 1 млн сомго чейин мамлекетке чыгым алып келди. Чыгымдардын айрымдары кайтарылса, айрымдары ордуна келтириле элек). Мунун басымдуу бөлүгү Ысык-Көл менен Соң-Көлгө туура келет. Ысык-Көлдө сига-лудогу балыгын кармоого тыюу салынган. Бирок, ага карабастан браконьерлер бул балыкты мыйзамсыз кармап жаткандыктан, ага каршы Мамлекеттик техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча инспекциясы, Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Балык чарба департаменти биргеликте иш алып барууда”,-дейт С.Күчүков.

“Ошондой эле Кыргызстанда 1300дөн ашык агын сууда табигый балыктар бар жана жасалма көлмөлөрдө да балык өстүрүлөт. Бирок, бул жерлерге да браконьерлер өз торун жайбашы үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Айта кетүүчү нерсе браконьерлерге салынуучу айып пулдун төмөндүгү да эч кандай таасир бербей жатат”,- деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда сига-лудоги балыгын мыйзамсыз саткан соодагерлердин саны көбөйүп жаткандыгы тууралуу басылмаларда айтылууда.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...