Акыркы макалалар

Абактан качкандар чек ара аймактарында изделүүдө

Чүйдөгү №50 абактан качып, дайынын билгизбей жүргөн Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов кыргыз-казак чек арасына жакын аймактардан изделүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, казак чек арачылары 20-октябрда Степное чек ара тозотунун аймагында эки күмөндүү эркекти көргөнүн билдирген.

12-октябрда абак кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткен тогуз кишинин экөө кармала элек. Кармалгандардын экөө оорудан, экөө милициянын огунан каза тапты.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...