Акыркы макалалар

Жапон өкмөт башчысы Кыргызстанга келет

Жапон өкмөт башчысы Кыргызстанга келет

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жапон премьер-министри Синдзо Абэ Борбор Азия аймагына сапарынын алкагында 26-октябрда Кыргызстанга келет.

Бишкекте ал президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар, инвестиция, коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүү өткөрөт.

Жапония - Кыргызстандын ири донорлорунун бири. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев баштаган делегация 2013-жылы Жапонияда болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...