Акыркы макалалар

Нурбек Элебаев: Электр энергияга болгон тариф кайра каралышы мүмкүн

Бүгүн, 21- октябрда өткөн маалымат жыйыны учурунда Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев электр энергиясына болгон баа кайра каралышы мүмкүн экендигин билдирди.

"Эгерде ушул жылдын 4- кварталында электр энергиясы импорттобосо, импорттун баасын эске алуу менен электр энергияга болгон тарифти баасын кайра карап чыгабыз",- деди ал.

Элебаев учурда ведомство тиешелүү министрликтин өкүлдөрүнөн жооп күтүп жаткандыгын айтты.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Тажикстандан электр энергиясын алып кирүү сентябрдын башында токтогон. Казакстандан дагы жаздан бери берилбей калган.Ошондой болсо дагы импорттун баасын эске алуу менен жогорулатылган тарифтер өзгөртүүсүз калган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...