Акыркы макалалар

Ош шаарында мектептерди, бала бакчаларды курууга жер калган эмес

Бүгүнкү күндө Ош шаарында бала бакчаларды, мектептерди куруу үчүн жер калбай калгандыгын шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев “Жибек-Жолу” аймактык кеңешинин тургундары менен болгон жолугушуусунда айтты. Бул тууралуу Ош шаарынын басма сөз кызматынан билдирди.

Мэрдин айтымына караганда бул кезге чейинки жергиликтүү бийлик жетекчилери тарабынан билим берүү тармагына бөлүнгөн жерлер сатылып кеткен.

“Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектеп же бала бакча куралы десек, шылуун атка минерлер тиешелүү жерлерди сатып жиберишкендиктен кура албай жатабыз. Аргасыздан жеке менчиктен жерди сатып алып, билим берүү имараттарын куруу аракетиндебиз. Азыркы учурда “Курманжан Датка-2” аймактык кеңешиндеги жеке менчик имаратын мамлекетке сатып алып, аны ремонттоодон өткөргөн соң бала бакчага пайдаланууга беребиз”, - деди А. Кадырбаев.

Калаа башчысынын айтымында “Жибек-Жолу” аймактык кеңешиндеги 4 га жерге мектеп жана бала бакча куруу максатында жерди пайдалануу максатын өзгөртүү үчүн тиешелүү документтик иштер жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, акыркы 1,5 жыл ичинде Ош шаарында 6 бала бакчанын курулушу башталып, бул кезге чейин эки бакча пайдаланууга берилген. Калган төрт бакчанын биринин курулушу бүтүп, ал эми үч бакчанын чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Андан сырткары калаа башчысы электр энергиясынын ордуна көмүр алууну сунуштоодо.

Булак:"Кабар" агенттиги

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...