Акыркы макалалар

Талас телекөрсөтүүсү санариптик форматта көрсөтө баштады

Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрынан баштап Талас облустук мамлекеттик телеканалы санариптик агымга кошулуп, ушул форматта өз көрсөтүүлөрүн элге тартуулай баштады- дейт аталган телекомпаниянын башкы директору Эрмек Үмөтов.

Анын айтуусунда республикабыздагы облустук телекомпаниялардын ичинен Талас телерадиоберүү компаниясы биринчилерден болуп санариптик формат менен өз көрсөтүүлөрүн эфирге алып чыккан. Санариптик форматка өтүү бул калайык-калкка телекөрсөтүүнүн дүйнөлүк стандартынын негизинде заманбап техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу телепрограммаларды жеткирүү болуп саналат. Мындан ары таластык телекөрүүчүлөр социалдык пакетке киргизилген санариптик форматтагы КТРК, ЭлТР, Мир, 5-канал, Маданият, Баластан, Пирамида, Музыка, Алиппе телеканалдарын эң мыкты сапатта көрө алышат-дейт Эрмек Үмөтов.

Кошумчалай кетсек, облустук телекомпниянын имаратына азыркы учурда режиссерлор, операторлор, тележурналисттер үчүн кошумча иш бөлмөлөрү, монтаждоо студиясы реконструкцияланып, капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...