Акыркы макалалар

Жалал-Абадда 205 арча, 600 кайрагач эгилди

Жалал-Абадда 205 арча, 600 кайрагач эгилди

Жалал-Абад шаарында жаз келгенден баштап айлана-чөйрөнү тазалап, жаңы көчөттөрдү отургузуу иштери шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Акылбек Нуркулов билдирди. Анын айтымында, шаардын борбордук Ленин, Токтогул, Ж. Бакиев көчөсүнүн дарактары, түркүктөрү, көчөнүн жээктери акталды. Мындан сырткары, Хан арык, Чөкө арык деген суу өтүүчу арыктар трактор жана кол менен тазаланды.

«Өзүбүздүн күчүбүз менен 205 арча, 600 кайрагач эгилди. Көчөттөрдү алуу жана жашылдандырууга бюджеттен 800 миң сом каралган. Учурда дале көчөлөрдү тазалап актоо, жаңы көчөттөрдү отургузуу иштери кызуу жүрүп жатат»,-дейт А.Нуркулов.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

05.04.2013, №13

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...