Акыркы макалалар

Ардагерлер үйгө муктаж

Ардагерлер үйгө муктаж

Баткен жана башка локалдык куралдуу кагылыштардын республикалык кеңеши жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасашты. Кайрылуунун негизги мазмуну турак-жайга муктаж ардагерлерге мамлекеттен батирлердин берилүүсүн суранышат.

Бул кеңештин төрагасы Кубаныч Гүлжигитовдун айтымында, алар түзгөн бирикмеде негизинен, Ооган согушунда, андан соң Баткен окуясында жана 2010-жылдагы Оштогу июнь коогалаңында элдин бейпилдиги үчүн күрөшкөн адамдар чогулган. Көпчүлүгү ден соолугунан ошол кызмат учурунда ажыраган, ошол себептүү көпчүлүгүнүн өз алдынча турак-жай алууга чамасы жок. Ардагерлердин басымдуу бөлүгү начар шартта жашашат, 30 пайызынын үйү жок. Акыркы тактоолор боюнча 228 үй бүлө турак-жайга өтө муктаж. Алардын 39у согушта каза болгон ооганчылардын үй бүлөсү, 128и оор майыптыкка туш болгондор, 49у согуштан алган залакасынан каза болгондордун жесирлери. “Биздин оор жагдайыбызды, эл үчүн кылган кызматыбызды эске алып, Ош шаарында жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн бизге да ажыратуу керек”,- деп эсептешет ардагерлер. Ал эми Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алымбай Кадыровдун айтымында, жаңы курулган үйлөр негизинен июнь коогалаңында жабыркаган жарандар үчүн курулган. “Азыркы тапта аларга үй берүү аяктады, эми ашып калган батирлерди кимге кандайча тартипте берүү керек экендиги жөнүндө жакында өкмөттөн токтом чыгат. Ошондон кийин гана бул суроого жооп айта алабыз”,- деп маалымдады ал.

ЗЫЙНАТ ИБРАЙИМОВА, ОШ

05.04.2013, №13

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...