Акыркы макалалар

Иммунитетти бекемдөө үчүн элдик ыкманы колдонуңуз

Аба- ырайынын өзгөргөн маалында кабылуучу сасык тумоо сыяктуу оорулардын алдын алууга иммунитетти бекем алуу маанилүү. Ал үчүн элдик ыкманы колдонсоңуз жыйынтыгы жакшы болот.

Иммунитетти бекемдөөгө элдик ыкманы колдонууга бал, кургатылган жер- жемиштер, жаңы жер- жемиштер жана жашылчалар кирет. Анткени бул азыктардын курамында пайдалуу витамин, минерлардар бар. Мындай керектүү витеминдерди алган организм оору менен жеңил күрөшө алат. Ал эми кээ бир инфекция, вирустардын жугуусуна жол бербейт.

1- Ыкма

Эт туурагычтан жарым стакан мейиз, 1 стакан тазаланган грек жаңгак, жарым стакан миндалды өткөрүп аласыз. Ага эки даана лимондун ширесин сыгып кошосуз. Кабыгын дагы эт туурагычтан өткөрөсүз. Андан кийин жарым стакан курага, кара өрүк жана 150 грамм бал кошуп аралаштырасыз. Караңгы жана муздак жерде 2 күн тыныктырылат.

Чоң адамдар күнүнө 1-2 аш кашыктан үч маал, тамактын алдында, ал эми 3 жаштан жогору балдар күнүнө эки маал 1 чай кашыктан ичип турат. Муздаткычта кармоо керек.

2- Ыкма

Эт туурагычтан лимон, курага, кара өрүк, инжир, грек жаңгагы, мейиздин ар биринен 200 граммдан алып өткөрөсүз. Ага 200 грамм бал, 50 мл коньяк кошуп аралаштырасыз. Айнек идишке салып, капкагын жаап, муздаткычтын эң ылдыйкы текчесинде кармайсыз. Күн сайын эртең мененки тамактын алдында 1 аш кашыктан жеп турасыз.

3- Ыкма

Балдан аллергия барлар үчүн имбирден жасаса болот. Ал үчүн бир стакан каймакка 1 чай кашык кум шекер, жарым кашык корица, жарым кашык куркума жана сүрүчтөн өткөрүлгөн имбирден 1 чай кашык кошуп аралаштырасыз. Бу ларалашманы эртең мененки ботконун ордуна колдонуп кабыл алсаңыз болот.

4- Ыкма

Сүргүчтөн бир даана алма менен пиязды аарчып, өткөрөсүз. Ага 2 аш кашык бал кошуп аралаштырып, күн сайын эртең менен 1 чай кашыктан ичип турасыз.

5- Ыкма

Жарым килограмм сабиз менен кызылчаны аарчып, туурап, мискейге салып, үстүнө кайнак суу куясыз. Суу сабиз менен кызылчаны толук жаап турушу зарыл. Жашылчалар бышканга чейин отту азайтып коёсуз. Андан кийин бир ууч мейиз менен курага кошуп дагы 5 мүнөт кайнатасыз. Андан кийин муздаган соң 1 аш кашык бал кошуп аралаштырып, 12 саатка тыныктырып коёсуз. Күнүнө үч маал жарым стакандан үч ай боюу ичип туруу керек.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...