Акыркы макалалар

Авариялык абалдагы мектепте окуу уланууда

Нарын шаардык Жумамүдүн Шералиев атындагы балдардын көркөм-өнөр мектеби жайгашкан имарат 1938-жылы курулган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан 2007-жылы эле имарат авариялык абалда деген жыйынтык чыгарылган.

Береги маалыматты мектептин директору Омор Улукманов мырза келтирди.

«Негизи биздин мектептин туруктуу имараты жок. Уюшулгандан бери бир нече жерге көчүп-конуп эле келе жаткан экенбиз. Акыры ушул 75 жыл мурда салынган имарат берилген. Бирок имарат авариялык деп табылган. 6 жылдан бери кайрылбаган жер калбады. Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер катары келгенде ал киши “жаңы имарат куруп берүү керек экен”,- деп өз платформасына киргизген. Жогорку Кеңешке жазылган каттар министрликке барат. Министрликтен ар кандай жооптор келет. Акыры мектепке имарат салуу 2013-жылдын бюджетине кирет деген жооп алганбыз. Быйыл ал дагы ишке ашкан жок. Айтор Кудайдан гана тиленип, таланттуу балдарды окутуп келе жатабыз»,-дейт О.Улукманов.

КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, Нарын

5-апрель, 2013-жыл, №13

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...