Акыркы макалалар

Баракелде. Жогорку Кеңеште шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө БШКнын маалыматы угулду

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маалыматы кечээ, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында угулду.

ЖК басма сөз кызматы маалымдагандай, 2012-жылдын 25-ноябрында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы туйгунаалы Абдраимов, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат берди.

Т.Абдыраимовдун маалыматына ылайык, бул жергиликтүү шайлоолорго 28 саясый партия катышып жатат. Шайлоо боюнча ар кандай жагдайларды түшүндүрүү боюнча коомдук кабылдама уюшулган. Ошону менен катар жарандар уюлдук телефон аркылуу шайлоочулардын тизмесинде өзүнүн бар-жогун билип алса боло турган телефондук борбор түзүлүүдө. Шайлоолордун жүрүшүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында 22 телеканал, 12 радио, 89 гезит, 2 журнал, бир катар маалымат агенттиктери аккредитациядан өткөрүлгөн.

Т.Абдыраимов учурда БШКнын астында башкы көйгөй катары каржылоо маселесин (учурда КР Өкмөтү бул маселени чечип жатат), аймактардагы шайлоо комиссияларынан адистер кетип жаткандыгын, шайлоо бюллетендерин басып чыгарууну атады. Алдыда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү багытында коомдук тартипти сактоо максатында ыкчам штабдар түзүлүп, бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын ИИМ министринин орун басары К.Асанов билдирди.

Маалыматтардан соң Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева баяндама жасап, БШК төрагасы Т.Абдыраимов шайлоо участокторун техникалык жабдуулар менен камсыздоодо компьютерлердин принтерлерине картридждерди алууга бөлүнгөн каражаттын 7 миллиондон ашуун сом уурдагандыгы боюнча Эсептөө палатасынын документи бар экендигин белгилөө менен бирге анын мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты.

Талкууда депутат Роза Акназарова добуш берүү күнүндө добуш берген шайлоочулардын тизмесин on-line түрүндө БШКнын интернет-сайтына чыгаруу мүмкүнчүлүгүн сурады. Баяндамачы мындай мүмкүнчүлүк азырынча жоктугун жооптоду. Р.Акназарованын суроолорунан кийин шайлоонун жыйынтыктары боюнча протоколдор атайын корголуучу кагаздарга чыгарылып, анын формасы жөнөкөйлөштүрүлөөрү белгилүү болду. Депутат Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин депутаттары шаардык кеңешке ат салышуусунун мыйзамдуулугун тактады. БШК төрагасы Т.Абдыраимов тиешелүү мыйзамда шаардык кеңешке ат салышууга катышкан жогорку кызмат адамдары ыйгарым укуктарын токтотуу менен шаардык кеңешке катышаарын жооптоду. Депутат Өмүрбек Текебаев жогорку кызмат адамдары кызматынан кетпейт, шайлоонун башталышынан аягына чейин ыйгарым укугун гана токтотот деп түшүндүрмө берди. Депутат Исмаил Исаков тиешелүү мыйзамдагы карама-каршылыктарды оңдоо боюнча Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен КР БШКсына тапшырма берүүнү жана КР БШКсына мыйзамдарды кынтыксыз аткаруусун табыштоону сунуштады.

Соңунда талкууда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматын эске алуу чечими кабыл алынды.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...