Акыркы макалалар

“Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Кыргызстандын президентин сотко берди

“Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Кыргызстандын президентин сотко берди

“Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Бектур Асанов Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди сотко берди.

“Кечээ мен Бишкектин район аралык сотуна КР президенти Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу доо арызым менен кайрылдым, себеби ал биздин өлкөнүн Конституциясынын 63-беренесин 3 б. одоно бузду”, - деди КирТАГга Б. Асанов.

Анын пикиринде, “Атамбаев, мамлекет башчысы катары бир дагы партияны колдобошу керек эле, бирок ал дээрлик 2-3 жылдан бери КСДП партиясын ачык эле колдоп келе жатат”.

“Шайлоодон 10 күн өтүп калды, бирок ушу күнгө дейре бир дагы көзөмөлдөө органы президентке эскертүү бербеди. Өткөн шайлоолордо БШК президентке эскертүү берген эле. Бул ирет мындай болбогондуктан, мен, өлкөнүн жараны катары доо арыз берүүгө мажбур болдум”, - деди Асанов.

Анын пикиринде, “президент шайлоо алдында бүтүндөй республиканы кыдырып чыгып, сапардын жүрүшүндө элди КСДПга үгүттөп жатты”.

“Жаңы Конституция боюнча президенттин иммунитети жок, ошондуктан ал өз кылганы үчүн жооп бериши керек”, - деп кошумчалады Б. Асанов.

Белгилей кетсек, “Эгемен Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоого катышууну көздөп, бирок 5 млн сом өлчөмүндөгү күрөөнү төлөй албай калгандыктан, Боршайком тарабынан каттоого алынган эмес.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...