Акыркы макалалар

Түркия менен Кыргызстандын аскерлери КРде машыгуу өткөрүшөт

КРдин Башкы штабынын берген маалыматына таянсак, 12-октябрда "Ала-Тоо" полигонунда Кыргызстан менен Түркиянын коргоо күчтөрүнүн аскерлеринин биргелешкен машыгуусу башталды. Машыгуу 45 күнгө созулат.

Биргелешкен машыгуунун жүрүшүндө терроризм менен күрөшүү боюнча десанттык-диверсиялык аракеттер ишке ашырылат.

"Ала-Тоо" полигонунун борборунда атайын чатырчалардан лагерь жасалды жана аларга аскерлер жашап, ар түрдүу аскердик, тактикалык күрөштөрдүн ыкмаларына машыгышмакчы.

Мындан тышкары Кыргызстанга Түркиядан теориялык гана эмес, тажрыйба жүзүндө жөндөмдөрдү үйрөтө турган 4 инструктор чакырылган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...