Акыркы макалалар

№50 түрмөнүн жетекчилигине кылмыш иш козголду

Абактардагы мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү боюнча прокуратура №50 түрмөнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш Кылмыш кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча козголду.​

Өткөн түнү Жаза аткаруу кызматынын Чүйдүн Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 7 жана тергөөдөгү эки адам үч түрмө кызматкерин муунтуп өлтүрүп, дагы бирөөнү чала жан кылып сабап качып чыккан.

Качкан 9 адамдын бешөө кармалды, төртөө дагы эле дайынсыз болууда. Алардын баары диний экстремизм жана терроризм үчүн кармалган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...