Акыркы макалалар

ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирет

11-12-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 11-октябрда күндүз жана 12-октябрда мезгил-мегили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тонголок, тайгак болот.

Абанын күндүзгу температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө 11…16° жылуу, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 15…20°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана республиканын тоо этектеринде 7…12° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...