Акыркы макалалар

Кыргызстанда Алма фестивалы өткөрүлөт

Ош областынын Ноокат районундагы Котормо айылында 10-октябрда салттуу болуп калган Алма фестивалы өткөрүлөт. Аталган фестиваль ушуну менен онунчу ирет уюштурулуп жатат.

Алма фестивалынын максаты - багбанчылык боюнча айылдын экономикалык потенциалын бекемдөөчү базар байланыштарын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү; ошондой эле илимий жана этно-экологиялык ыкмага негизделген багбанчылык боюнча тажрыйба алмашуу.

Фестиваль багбандарга өндүрүмдөрүн көрсөтүүгө, ошондой эле кайра иштетүүчүлөр жана сатып алуучулар менен өнөктөштүк түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Быйыл иш-чарада дыйкандар 1,5 тонн алманын 20дан ашык сортун көрсөтүшөт. Райондун тургундары болсо эң мыкты костюм жана мөмө-жемиштен жасалган эң оригиналдуу тамак үчүн сынакка катышышат, ал эми бала бакча жана мектеп окуучулары концерттик программа менен чыгышат.

Фестивалдын программасында кызыктуу викториналар, алма азыктарын дегустациясы болот. Ошондой эле онунчу Алма фестивалынын алкагында тегерек стол өтөт. Тегерек столго Айыл чарба департаментинин, мөмө-жемиш питомниктердин жана биолаборатория өкүлдөрү, багбанчылар катышып, региондо багбанчылыктын өнүгүшүн талкуулашат.

Бул жылы иш-чарага миңдей адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...