Акыркы макалалар

Жемиш багынын бир гектары 1 млн сомго чейин киреше берет - Сариев

Кыргызстандын дыйкандары азык-түлүк коопсуздугуна шилтеме берүү менен дан-эгин жана жогорку кирешелүү жашылча-жемиш өсүмдүктөрүнүн ортосунда тандоо жасашы керек.

“Бир гектар жерге дан-эгин эгип 150 миң сом киреше табышат. Жашылчалар – помидор, бадыраң жана болгар калемпиринин кирешеси 600 миң сомго жетип жатат. Жемиш багынын бир гектарынан болсо миллион сом киреше түшүп жатат. Эмне эгип, эмне өндүрүүнү жакшылап чечип алуу керек”, - деди премьер-министр Темир Сариев бейшемби күнү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча программанын презенациясында.

Анын пикири боюнча, программада бул суроолорго так жооптор болушу керек.

“Эгерде жерди кирешелүү өсүмдүктөр менен ээлей турган болсок – бул жумуш, өлкөнүн экономикалык потенциалын көтөрүү жана бюджетти толуктоо”, - деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...