Акыркы макалалар

Кънън= 250 куб метр таштанды алынат

Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан жарыяланган “Эки айлык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” иш чарасынын алкагында Жалал-Абад шаардык санитардык тазалоочу атайын автобазасы тарабынан, бир топ жумуштар аткарылууда.

Жаздын келиши менен өзүбүздүн короо-жайыбызды иретке келтирип, жаңы бак-дарактарды отургуздук. Белгилей кетсек, 20 өрүк жана 20 карагач эктик, корообуздагы бош жаткан жерди иштетип, гүл олтургузуп жана жемиштерди тигүүдөбүз. Ал эми шаар ичи боюнча сөз кылсак, ар жумада жүргүзүлүп жаткан ишембиликтердин натыйжасында өтө көп таштандылар чыгууда, биздин жумушчулар күнүнө 250дөн 300 куб метрге чейин таштанды алып чыгышууда.

Айта кетүүчү нерсе, кышы менен билинбей жаткан таштандылар аз келгенсип, коңшу райондун айылдарынын шаарга жакын тургундары өз таштандыларын талаа-түзгө каптары жана полиэтилендик пакеттер менен таштап кеткен калдыктарын алуу менен да алектенүүдөбүз. Мисалы, жогорку зонадагы айыл тургундары тарабынан шаарга келүүчү Промзонанын атарабында, Б. Осмонов көчөсү менен Строительный көчөсүндө да таштанды көп ташталууда. Биздин жамаат өз милдеттерин аткаруудан сырткары, жарыяланган эки айлыктын алкагында өз демилгеси менен ишембилик уюшулуп, анын негизинде жогоруда белгиленген көчөлөрдү тазалоо боюнча ишембилик өткөрүлдү. Ал эми Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Полигонго кетүүчү жолду тазалоо да биздин кызматкерлер тарабынан колго алынууда.

Шаар ичи боюнча Достук, Спутник кичи райондоруна караштуу айрым көп кабаттуу үйлөр “Сигнал” вариантына өткөрүлүп, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы мурдагыдай таштанды бир жума ичи топтолуп, чымын-чиркей конуп, жаман жыт каптап турган абалдан чыкты деген жакшы пикирлер тургундар тарабынан да жаралууда. “Сигнал” вариантына келечекте бардык көп кабаттуу үйлөрдү өткөрүү иштерин улантмачыбыз.

Ошондой эле шаардын кээ бир борбордук көчөлөрүндө атайын видеобайкоочу камералар орнотулган, бир топ жарандар таштандыны жолго таштап жаткан жеринен видеокамерага тартылып калган, аларга тиешелүү чаралар көрүлдү.

Шаар тургундары, биздин ишкананын кызматкерлери майрам жана дем алуу күндөрү да тынымсыз шаарды таштандыдан тазалоо иштерин аткарышканын эске алышып, мындай түйшүктүү жумушту баалап, алгач өздөрү да тазалыкты сакташса деп суранып кетемин. Анткени жеке адам таза болсо, айланасы таза, шаар таза болору бышык. Тазалык – ден соолуктун булагы, ошондуктан ар бирибиз тазалык үчүн умутулушубуз керек. Жалал-Абад илгертен таза жана жашыл, жаштардын сүйүктүү шаары болуп келген жана биз чогуу аракет жасасак, ал биз эңсегендей шаар болот.

Талант КАСЫМОВ,

шаардын тазалыкты сактоочу атайын автобазасынын жетекчиси.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...