Акыркы макалалар

Тогуз айда коррупция боюнча 662 кылмыш иши козголду

Тогуз айда коррупция боюнча 662 кылмыш иши козголду

Башкы прокуратурадан “Азаттыкка” билдиришкендей, ушул жылдын тогуз айында жемкорлукка байланышкан 662 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 260тан ашуун иш сотко өткөрүлгөн. Башкы көзөмөл мекемесинин маалыматына караганда, негизги мыйзам бузуулар бюджеттик каражатты чыгымдоодо, мамлекеттик мүлктү пайдаланууда жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү учурунда жол берилүүдө. Мындан сырткары жергиликтүү өз алдынча башкаруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, курулуш тармагында да мыйзам бузулган учурлар көп катталган. Козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыян 225 млн. 223 миң сомду түзгөн. Тергөө учурунда анын 22 млн. сомго жакыны өндүрүлгөн.

Эл аралык Transparency International уюмунун дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча жарыялаган баяндамасына ылайык, Кыргызстан былтыр 136-орунду ээлеген. 175 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо Кыргызстан 27 упай менен жемкорлуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарынан орун алган. Эксперттер өлкөдө коррупциянын жайылышына ыңгайлуу шарттар көп экенин айтып келишет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...