Акыркы макалалар

Ар бир кыргызстандыкка 85 грамм алтын жана дээрлик 400 грамм күмүш туура келет

Ар бир кыргызстандыкка 85 грамм алтын жана дээрлик 400 грамм күмүш туура келет

Ар бир кыргызстандыкка 85 грамм алтын жана дээрлик 400 грамм күмүш туура келет. Бул тууралуу өлкөдөгү пайдалуу кен байлыктардын запасы жөнүндө маалыматтардын монитрингинде маалымдалган.

Кыргыз-орус экономикалык кеңешинин маалыматтарына ылайык, өлкөдөгү алтындын баланстык запастары 500 тоннадан ашат, эми, калктын саны 5 млн 925 миң болсо, орто эсеп менен өлкөнүн ар бир тургунуна 84,3 гр же 2,7 унций алтын туура келет. Республиканын жер кыртышында башка дагы баалуу металлдар бар – күмүш, 2300 тоннага жакын, же республиканын ар бир тургунуна – 388 гр (14,5 унций).

Бул акча менен эсептегенде – күмүш $182 (унций баасы $14,59) жана алтынга $3044 (унций $1136,6).

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...