Акыркы макалалар

“Пираттык дисктерди сатып албагыла!”

Мындай чакырыкты куудул Рахмат Разыков жана Абдылда Иманкулов таштады. Алар концерт учурунда тартылып алынган видеолор сапатсыз бойдон элге тарап жатканына тынчсызданып, аны ооздуктоого эч кимдин күчү жетпей жатканын айтышууда.

Абдылда Иманкулов 50 жылдык концертин өлкө боюнча элге тартуулап бүткөнчө эле дисктерге тарап кеткенин айтат. “Канча мээнет кылып көпкө даярданган концертимди пираттар уурдап сатып жатышат. Алар менин концертимди сапатсыз камера менен тартып, начар дисктерге чыгарып сата баштады. Мыйзам биздин кызыкчылыкты коргобосо, муну жөнгө салуу мүмкүн эмес. Ошондуктан коомчулукту пираттык дисктерди албоого чакырабыз”, - дейт А.Иманкулов.

Республика боюнча пираттык дисктерди сатуу менен шугулданган миңге жакын түйүн бар.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

29/03/2013 12

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...