Акыркы макалалар

Сулайман-Тоо этнографиялык комплексинин көйгөйлөрү чечилет

Кечээ, 26-сентябрда Ош шаарындагы көчмө жыйынынын алкагында Премьер-министр Темир Сариев баштаган Өкмөт мүчөлөрү жана Өкмөт Аппаратынын кызматкерлери Сулайман-Тоо этнографиялык комплексин зыярат кылышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Темир Сариев Сулайман-Тоо ЮНЕСКО материалдык эмес мурастар тизмесине кирген тарыхый эстелик экенин белгилеп, аны өз деңгээлинде сактоо зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Сулайман-Тоону өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрүп, анын маселелерин талкуулады. Музей жетекчилигинин суу чыгаруу жана айланасындагы жер талаш маселелерин уккан Темир Сариев тиешелүү органдарга тапшырмаларды берди. Ага ылайык, Ош шаардык мэриясына суу көйгөйүн чечүүнүн жолдорун иштеп чыгуу, комплексти үзгүлтүксүз каржылоо жана жер талашын чечүү үчүн Юстиция министрлигинин төрагалыгында атайын мекемелер аралык комиссия түзүүнү тапшырды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...