Акыркы макалалар

Кыргызстан кытай инвесторлору менен банктык жана камсыздандыруу чөйрөлөрүндө кызматташтыкка даяр

Кыргызстан кытай инвесторлору менен банктык жана камсыздандыруу чөйрөсүндө кызматташтыкка даяр. Бул тууралуу бүгүн “Улуу жибек-жолунда кызматташтыкты кеңейтүү” аттуу кыргыз-кытай бизнес-форумунда вице-премьер-министр Валерий Диль билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан кытай бизнесин өлкөнүн банктык жана камсыздандыруу рыногуна кирүүгө чакырат. “Кыргызстанда 24 банк бар, анын ичинде россиянын дагы, казакстандын дагы капиталы бар. Бирок, кытай капиталы азырынча активдүү болбой жатат. Ошондой эле, камсыздандыруу рыногу дагы активдүү эмес. Ушуга байланыштуу инвесторлорду ушул жаатта кызматташууга чакырам. Муну менен катар бизде башка дагы инвестициялык шарттуу тармактар бар. Мен бул бизнес-форумдун алкагында тараптар аралык кызматташтык боюнча бир катар келишимдер кабыл алынат деп үмүттөнөм”,-деди В.Диль.

Ошондой эле, анын айтымында өлкөдө “Улуттук режим” түзүлдү, анда чет элдик инвесторлор үчүн жергиликтүү ишкерлер сыяктуу эле шарттар түзүлгөнү айтылат. “Бул инвесторлордун өзүн эркин сезүүсү жана башка жагынан атаандаштык түзүүсү үчүн атайын жасалды”,-деди В.Диль.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...