Акыркы макалалар

Казим Каракетов: Азыр 1 баштыкча аары 40$-100$ чейин турат

Казим Каракетов: Азыр 1 баштыкча аары 40$-100$ чейин турат

Үстүбүздөгү жылдын 13-21-сентябрга чейин Туштүк Кореянын Тэджон шаарында өткөн бүткул дүйнөлүк аарычылардын 44-Апимондия конгрессинде кыргыз аарычылары гран-прини жеңип алды. Алган сыйлыктары жана учурдагы аарычылардын абалы тууралуу “Кыргыз аарычылар Союзу” Коомдук Бирикмесинин президенти Казим Каракетов кененирээк айтып берди.

Кыргыз балы сапаты жагынан дүйнөдө №1 орунда турат....

13-21-сентябрь күндөрү Түштүк Кореянын Тэджон шаарында өткөн Бүткүл Дүйнөлүк аарычылардын 44- Апимондия конгрессинде баш байгени жеңип алдык. Конгрессте биз 4 коло, 2 күмүш, 1 алтын медалдын ээси болуп кайттык. Аталган иш-чара Дүйнөлүк аарычылык маданиятына салым кошуу, балдын сапатын жакшыртуу жана дүйнөлүк стандартты аныктоо максатында уюштурулган. Конгресске баардыгы болуп 40 мамлекеттен келген аарычылар катышты. Анын ичинен гран-прини жеңип алуу бул биз үчүн чоң жетишкендик. Апимондия конгресси - бул бүткүл дүйнөлүк бал өндүрүү тармагында иш жүргүзгөн балчылар ассоциациясы. Ал ар кайсы өлкөлөрдө жана континенттерде 1897-жылдан тартып эки жылда бир дүйнөлүк балчылар конгрессин өткөрүп келет. Буга чейин 2013-жылы да Украинанын Киев шаарында өткөн 43- конгрессине катышып, “Бүткүл дүйнөлүк бал сыйлыгы” сынагында жогорку сапаты үчүн баш байгени жеңип алганбыз. Анда 140 мамлекеттен 12 миң делегациялар келип, Кыргызстандан Ат-Башынын ак балы алтын медаль, Ысык-Атадан чыккан боз балы күмүш медалга татыган. Дүйнөлүк балдын сапатын аныктоо үчүн серепчилерге биз алгач бир ай мурун балды жөнөтөбүз. Ал жакта Бельгия,Англия, Франция, Орусиядан келген эл аралык деңгээлдеги эксперттер лабараториялык анализ жасап, анан жыйынтыгын чыгарышат. Адистердин айтымында кыргыз балы сапаты жагынан дүйнөдө №1 орунда турат.

Быйыл түшүм Ош жана Жалал-Абадда жакшы болду...

Быйыл Ош жана Жалал-Абад облустарында бал эң көп өндүрүлдү. Мындан сырткары Ысык-Көл жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда да түшүм жакшы болду. Жалпы жонунан өлкө боюнча 12 миң тонна бал өндүрүлдү. Негизи балдын түшүмдүүлүгү аарынын пародасына жараша болот. Совет доорунда өлкөдө аталган тармак боюнча 2 окуу жай бар болчу. Кийин каржы жок токтоп калган. Бирок биздин эксперттер башка өлкөлөрдөн аарычылык боюнча тажрыйба алмашып бул жактагы аарычылык менен алектенген жарандарыбызга үйрөтүп жатышат. Азыр мамлекеттен колдоо күткөн жокпуз, себеби азыр өлкөнүн ансыз деле башка маселелери бар.

Эми пенсионерлер үчүн акцияны ай сайын өткөрөбүз...

2009-жылдан бери “Дени сак улут” аттуу программа түзүп, анын алкагында ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп келебиз. Маселен, жылына бир канча жолу жарманкелерди уюштуруп, пенсионерлер үчүн 1 кг. балды 171 сомдон саттык. Бул иш-чарага 1 жумада эле бир жарым миңден ашуун карылар катышты. Буюрса бул сыяктуу акцияларды ай сайын уюштуруп туруу алдынкы пландарыбызда.

Бал көп ооруларды алдын алат...

Балдын дарычылыгы Куранда да жазылган. Анын сыңары бал мыйзамдуу турдө медицинада колдонулбаса да, көп ооруларды алдын алаары далилденген. Адистердин айтымында аарынын ден соолука тийгизген таасири көп. Мисалы, бал жеген адамдын имунндук сиситемасы жакшырат, энергиясы көп болот, стресстен арылат, бронхид, астма ооруларына жакшы. Андан сырткары кургатылган аарыдан мазь жасап, кант диабети, жүрөк ооруларына колдонсо болот. Учурда космонавттар, спортчулар, футболчулар да тамак катары колдонуп жатышат. Негизи аарыны жөн адам кармай албайт. Ал адам өзү сабаттуу, философ болуш керек. Эгер адам аары кармаса маданияты, сабаттуулугу көтөрүлөт. Ошондой эле аарычылык киреше булагы катары да чоң тармак болуп эсептелинет. Мисалы, азыр 1 баштыкча аары 40$-100$ чейин турат. Бул анын түрүнө жараша болот. Кыскасы аары кармоо- эн перспективдүү өндүрүш тармагы болуп эсептелинет.

Автор: Бахар Хакимова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...