Акыркы макалалар

Жалал-Абад облусунда биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны 68,1 пайызды түздү

Жалал-Абад облусунда учурда алдыдагы шайлоого катышуучу шайлоочулардын саны 494 миң адамды түздү. Ал эми 25-сентябрга чейин шайлоочулардын тизмелерин тактоо иштери дагы улантылмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, облус боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны пайыздык эсепте алганда 68,1 пайызды түздү. Облус аймагында «Өзүңдү шайлоо тизмесинен такта» акциясы жүргүзүлдү.

Облус аймагында 418 шайлоо участкалары түзүлдү. Аларга 230 – CDMA (зымсыз) телефон, 107 зымдуу телефон, 79 уюлдук байланыш телефону берилди.

Добуш берүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында ар бир шайлоо участкасында 2ден милиция кызматкери бекитилген. Мындан сырткары, 1800 коомдук ыктыярдуу кошундар коомдук тартипти сактоого чыгышат.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...