Акыркы макалалар

Алмазбек Атамбаев: «Курман айт майрамы ниетти тазартууга, пейилди агартууга багыттайт”

Алмазбек Атамбаев: «Курман айт майрамы ниетти тазартууга, пейилди агартууга багыттайт”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мекендештерин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Бардыгыңыздарды мусулмандардын эң ыйык майрамдарынын бири – Курман айт менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кылымдан кылымга кастарлап, муундан муунга уланып келаткан Курман айт майрамы ниетти тазартууга, пейилди агартууга багыттайт. Көптү баштан кечирген көрөңгөлүү элибиздин уңгусун бекемдеп, кайрымдуулукка, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырат.

Ушул күнү курмандык чалынып, кайрымдуулук, соопчулук иштери жасалат. Ата-бабаларыбызды, жакындарыбызды эскерип, улууларга урмат көрсөтүп, келечекке жакшы ниет кылабыз. Ылайым Алла-таала мекендештерибиздин кайрымдуулук иштерин кабыл кылсын! Ажылык сапарда жүргөн кыргызстандыктардын көздөгөнү кабыл болуп, жергебизге аман-эсен кайтып келишсин.

Жараткан элибизге ынтымак жана жерибизге берекет берсин!

Айтыңар маарек болсун”!

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...