Акыркы макалалар

Атабыздын аска экенин биз үчүн, убагында сездик, балким сезбедик

Атабыздын аска экенин биз үчүн, убагында сездик, балким сезбедик

Атамдын кайтыш болгонун мага карындашым угузган эле...

Кулагыма шумдук кабар угулуп,

Ошол учур түш сыяктуу туюлуп.

Бир ишенип, бир ишенбей укканга,

Токтоо бербей көздөн жашым куюлуп.

Айрылдык дейт карындашым атамдан,

Алып кетти арабыздан Жараткан,

Көтөрөлү башка салган мүшкүлдү,

Улутунуп, анан терең үшкүрдү.

Андан бери 10 жыл өтүп кетиптир. Жараткан жашагыла деп адамдарга энчилеген жер үстүндө Ажал үстөмдүк кылып өлүмгө моюн сунгандар да арбын болду, өмүр үстөмдүк кылып ыңаалап келген наристелер да аз болбоду. Бирок да, атадан ажыроонун оордугун ошондо түшүндүм, ылайым пендесине кечинен берсин.

Мата оронуп, кара жерди жазданып,

Кетти атабыз, келбес сапар аттанып.

Кайгы жутуп апам калып, биз калып,

Бата тилеп, куран сөзү жатталып.

Атамдын өлүмү менен артындагы балдары жаштыктын көйнөгүн чечип салгандай болдук окшойт. Балдарынын эң улуусу мен ошондо 47 ге келсем да өзүмдү орто жаштагы адамдардын арасына кошо албай жүргөн окшойм. Аталуунун энчиси балким ошол окшобойбу. Ошондон бери 10 жолу жаздын гүлүн терип, 10 жолу кыштын карын көрдүк. Ошондон бери ини-карындаштарыма улуулук милдетимди аткарсам, ата ордун басып, ата мамилесин ини-карындаштарыма жасасам деген далалатымды кылымыш этем, окшошпойт. Көрсө ата аска зоо тура.

Атабыздын аска экенин биз үчун,

Убагында сездик, балким сезбедик.

Бүгүн анын уул-кыздары биригип,

Ал Асканын бийигине жетпедик.

Атам 76 жашында сапар тартты. «Атаңар жакшы жашады. Капа боло турган жөнүнөр жок» деп кайрат айтышты. Адам үчүн 76 жаш көппү, азбы - бир жактуу айтууга мүмкүн эмес окшойт. Ал эми атаңа тиешелүү болгон учурда 70 эмес 100 жашың да аздык кылабы дейм.

«Атаңар жакшы киши эле» дешет айылдагылар, аны жакшы билгендер. Адам болгондон кийин атамды жакшы көргөндөр менен бирге жаман көргөндөр да болсо керек. Бирок, атамды адамдарга жакшылык кылууга бар аракетин жумшаган адам экендигин анык билерим чын. Атам кайтыш болгон жылы эл өтө катаал кышты башынан өткөрүп жаткан. Сөөк коюлуучу боз үйдүн ордун тегереги менен кардан тазалоо үчүн 10-15 тестиер баланын жарым күндөн ашык тынбай кар ташыганы эмгиче эстен кетпейт. Суук 20 градустан ашык. Көрүстөнгө кош ат менен жол салдык эл барганга. Ошондой катаал күнү атама топурак салабыз деп бир жарым миңден ашуун адам келиптир. Байкашымча, милдеттүү келген куда-сөөк, туугандарга караганда кабар айтылса да, айтылбаса да атамды кадырлап, акыркы зыйнатына катышайын дегендер арбын болду окшойт.

Адам кайтыш болгондо кабар айтылат эмеспи. Ошондой кабар барганда айылдаш агалардын бири айткан тура, «эми ажатыбызды ачып, карызга акча ким берет» деп. Аны ошондо бир Малай байке айтса, канчасы ичинен ойлоду болду экен. Анткени, атам ыраматылык пенсиясын алганда же балдарынан акча-тыйын алып калса, жарымын төш чөнтөгүнө салып бекитип алар эле. Анысы карыз сурап келгендерге болгон даярдыгы эле.

Апам айтып калат азыр да: Айылда атаңдан карыз албаган киши деле калган эмес деп. Айылдагылардын баары тек эле сурап келбесе керек, бирок, кыжалат болуп келгендердин куру кол кеткени болгон эмес окшойт.

Дегеле атам адамдарга карата жакшылык кылууну милдетим деп түшүнгөнбү деп ойлоп кетем. Айылда Согушбек деген жигит болор эле. Ошол жигит бир күнү бир чатакка кабылып мал төлөмөр болуп калыптыр.

Ал жигиттин бизге тууганчылыгы деле жок. Анан ошону угуп алып бир коюн мага жетелетип алып, Согушбектин үйүнүн бери жагындагы бош талаага айылдын аксакалдарын, ага-туугандарын чогултуп, акыры төлөмөр малдын башын чогултуруп берди. Бул бир эле жолкусу. Апам азыр айтып калат: Зайыптык кылып койчу турбаймынбы, көрсө атаңар көр оокаттын түйшүгүнөн жогору турган, руху зор, табиятынан айкєлдүктү керт башына энчилеген адам турбайбы деп.

Дагы бир нерсе эске түшө калды. Атама бир 80дерден өтүп калган карыя өкүрүп келип эле, анан боз үйдүн жанына туруп алып кошок кошо баштады. Канча айтат эле билбейм, бирок, болжол менен 20 минутадай айткандан кийин тегеректегилер токтотуп коюшту. Ошондогу айтылган кошоктун төрт сабы азыр да жадымда:

Пальтоңду бердиң кийгин деп,

Илимин айттың билгин деп,

Калтырып кеттиң өзүмдү,

Айтпадын неге жүргүн деп.

Кийин апамдан сурадым: Бул ким деген киши эле, эмнеге ушул саптар оозунан чыкты деп. Көрсө, бизден 5-6 айыл ылдый жашаган Арыкша деген киши экен. Бизге жакын тууганчылыгы деле жок. Атам ошол айылда эки жылдай мектептин директору болуп иштегенде жакын таанышып калган окшобойбу. Бир күнү кудага баратып үйгө келиптир дейт, "Иним, кудага бараттым эле, үстүмдөгү жупуну болуп турат, пальтоңду берип тур 2-3 күнгө, кудадан кайра келатып таштап кетем",- деп. Ал кезде каракул жакалуу пальтону чанда бирөө кийсе керек. Ошону менен пальтону кийип кетип, кайра кайырбаптыр. Кийин бир үйгө келип калганда атам сураса, "Ээ, иним, анынды өөп-жыттап кийип жүрөм, мага эстелик болсунчу, сени баркыңа жетеби, жетпейби деп кайра кайырган жокмун",- деген тура. Атам да күлүп, анда туура иш кылган турбайсызбы деп, кайра кайрылып сураган эмес экен.

Атам ыраматылык жетим-жесирге бөтөнчө карамдуу эле. Эми ал кезде элдин турмушу жакшы оңоло элек, жамачылуу кийимден арыла элек эле. Ошондонбу жетимчилик кучагына кыскан балдар кийген кийими, жүрүш-турушу менен эмнегедир топтон бөлүнүп турар эле. Аларга жолукканда сөзсүз баштарынан сылап, ал-жайын сурап, милдеттүү түрдө 1 сом акча берип жүргөнүн көп байкадым. Ал кезде 1 сом чоң акча экенин азыркы балдар билбей деле калды го. Дайыма апама айтып, биздин эски кийимибиздин тыңыраактарын тандап, жууп-тазалатып, айласыз болуп калгандарга берер эле. Анда биз деле дайыма жаңы кийе бербейбиз, анан да жакшы көргөн кийимиңди бергени жатса тултуюп коркутасың да, анда атамдын жашында жетимчиликтин турмушун жакшы эле тартканын кайдан билдик.

Он үчүндө жетим калып атадан,

Он бешинде ажыраптыр ападан.

Көр турмуштун тартып эрте түйшүгүн,

Өксүп жүрүп ордун тааптыр катардан.

Балдарга болгон камкордугу атамды өмүр бою коштоп жүрдү мен билгенден. Мектептин директору болуп иштеп жүргөндө интернаттын турмушуна өзгөчө көңүл бурар эле. Балдардын кийими менен тамагына кол салгандарды эң биринчи душманым деп кєп айтар эле.

Жаш жеткинчектерге билим, тарбия берүүнү башкы милдетим деп түшүнөр эле, ыраматылык атам. Дегеле, билимге, илимге умтулган уул-кыздарды өз камкордугуна алып, алардын келечеги үчүн абдан тынчсызданчу. Пенсияга чыгып, үйдө отуруп калгандан кийин деле мектептен такыр кол үзүп кетпеди. Жылына окуу жылы аяктаганда атайын мектепке барып, өзү уюштуруп алган фондусунан мектепти жакшы аяктагандарга акча тапшырат. Ал фондусу эч жерден каттоодон деле өтпөгөн, уюштуруучусу да жалгыз өзү, тапшырган каражаты да жалгыз өзүнүкү.

Биз тогуз бир тууганбыз. Апам экөө бардыгыбыздын жогорку билим алышыбызды шартташты, бардыгыбызды сүйгөн кесибибизге жеткизишти. Ал турсун келиндеринин ичинде жогорку билимге ээ болбогондорун да жогорку билим алууга үгүттөшүп, шарт түзүп берүүдөн четтеп калышышпады.

Эмнегедир атамдын эки насааты такыр жадымымдан чыкпайт. Атам айтар эле: "Каухардай таза болгула, асты бирөөгө кылдай кара санабагыла". " Эч качан калп айтпагыла, чындыктан тайбагыла",- деп. Артындагы балдары да ушул насааттарын бузбасак деген аракеттебиз. Турмуш кыйындабадыбы, нарк- насил бузулду, мезгилдин шартына карата балким, каухардай тазалыкты сактай албай калган учурлар да болдубу деп ойлойм, өзүмдүн турмушумду карап, бир туугандарымдын жашоосуна сереп салып. Бирок, атамдын өзүнө келгенде бул сапаттардын ээси боло алганына толук көзүм жетет. Өзү экинчи насаатын да так аткара алды. Бирөөгө калп айтпады, жалган айтып зыян кылбады.

Атамдын дегеле көтөрүлүп сүйлөгөнүн укпаган экемин. Азыр "Мен минтип салдым, менин эмгегимди эл баалабай жатат, өкмөт наам бербей жатат" дегендер четтен чыгып жатат го. Басма сөз беттеринде бири бирин каралап, өзүн чыгаан көрсөткөндөр азбы. Айылыбыздан чыккан, республикага таанымал манасчы Иса Жумабековдун айтуусунда эпостун "Семетей" бөлүмүнүн 50 миң сап ырын кагазга түшүрдү. Ыраматылык манасчы үйгө таң атпай келет, кечке бир бөлмөгө бекинип алышып, бири айтса, экинчиси кагазга түшүрүү менен алекеттенет. Улам эжелеп айтканга көнбөгөн манасчы туталанып, экөө кыжылдаша да кетишет. Кээде экөө эки жакты карап, ойлуу отуруп калгандарын көрүп калам. Ошентип, эрте жазда башталган иш кеч күздө аяктагандай болду. Алар аяктаганда экөөнүн тамак-ашын караган апам да эс алууга чыккандай болду окшойт. Бирок, бир жолу да атамдын эл алдында, бизге, уулдарына да, мен ушул ишти жасадым деп мактаныч кылганын укпадым.

Атам чыгармачылыкка да аралашты. Аттиң, өтө кеч аралашканына кейийм. Алгачкы чыгармасын жазганда 70ке чукулдап калган эле. Ошондон уламбы, абдан шашып жазды. "Ормон хан", "Махабат дастаны" сыяктуу бир нече драмалык чыгармалары 6-7 чакан китепче болуп жарык көрдү, атамдын айтуусунда кенже эпосторго таандык эки эпосу, бир дастаны Кыргыз Илимдер Академиясы тарабынан чыгарылган 30 томдуктун 3 томуна басылып чыгарылды. Ошол чыгармачылык аракеттеринин учурунда абдан кейип калар эле: Эрте баштаганда болмок экен, үйрөнгөнгө, чыгармаларымды оңдоп жазганга убакыт калган эмес экен деп. Эми мен кейип калам, атамдын чыгармачылыгына кошо аралашып, тиешелүү жардамдарды убагында көрсөтө албаганыма. Турмушта бардык нерсеге өз убагында түшүнүп, туура мамиле жасоо кыйын окшобойбу. Ошол жылдары атамдын эркинин күчтүүлүгүнө таң берип жүрдүм. Эртең менен туруп алып, туура 5 чакырым аралыкты басып келет. Анан отуруп алып кечке чыгармачылык менен алп урушат. Ошол учурда ооруган оорусун да, турмуштун күнүмдүк көр түйшүгүн да унутуп салат. Чыгармачылык менен жүргөндө өтө көп китеп окуду, тарыхый окуялардын чындыгын издеди, канчалык денгээлде тапты - бул мен үчүн белгисиз бойдон кала берди. Менин эсиме кыргыздардын уруучулук чынжырдан чыга албай, ошонун кесепетинен далай элдик азаматтарды курмандыкка чалгандыктарына, эми да ал кесепеттин кучагынан чыга албай жүргөндүгүбүзгө кейип, терең ойго баткан элестери кала бериптир.

Атамды эскерип жарым бет бир нерсе жазсамбы дедим эле. Андай кылууга болбойт окшойт. Атанын элеси баласынын жарым бет сабына батпайт турбайбы. Дегеле, уулунун эскерүүсүнө алынган атанын элеси, ал тууралуу баян газета бетине арналган эскерүү бетине да батпасына көзүм жетип отурат. Демек, атама арналган эскерүүлөрдүн башаты гана деп түшүнөт окшойм өзүм ушул саптарымды. Атам жөнүндөгү Улуу Эскерүү Баяным али алдыда экен анда.

Кубанычбек АДИЕВ.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...