Акыркы макалалар

К. Идинов: Мамлекеттик органдарды 70%га кыскартып койсо болот

К. Идинов: Мамлекеттик органдарды 70%га кыскартып койсо болот

Шайлоодон кийин мамкызматкерлердин саны кыскарат. Учурда өкмөттүн жаңы түзүмү даярдалууда. Шайлоодон кийин ал парламенттин кароосуна коюлмакчы. Бирок талдоочулар өкмөт түзүмүнүн бат-баттан өзгөрүүсү жакшы натыйжа бербестигин белгилешүүдө. Өкмөттүн бул планы тууралуу легендарлуу парламенттин депутаты, экономика илимдеринин кандидаты Кубанычбек Идинов менен маек курдук:

Сариев ишкерлер менен жолугушууда ишкерлердин ишмердүүлүгүн жеңилдетүү үчүн өкмөттүн түзүмүн өзгөртө тургандыгын айтты? Бул кандай жыйынтык алып келет?

-Сариев ушу маселени жакшы коюп жатат. Келе турган депутаттар дагы муну азыртан ойлоно баштаса болот. Негизи бул көптөн бери эле көтөрүлүп, бирок бош калган жумушчуларды эмне кылабыз деп чечилбей келген да. Бирок чын чынына келгенде биздикиндей өлкөдө андай кадамды жасап койсо болот, буга мүмкүнчүлүк дагы бар. Окумуштуулардын ар кандай варианттары бар, партиялардын өздөрүнүн сунуштары бар. Өткөндө Кулов баштап фракциялар өздөрүнүн программаларын киргизишти. Мүмкүн болушунча ишкерлерге шарт түзүп бере турган программаны иштеп чыгуу керек. Мамлекеттик жана жеке менчик ишканалардын эриш аркак кылып иштей турган форма жакшы да. Мамлекеттик жеке менчик кызматташтык деп айтып жатышпайбы. Министрликтердин ордуна корпорацияларды түзүп, ал эми корпорациянын аппаратынын штатын бизнес структуралардын мүчөлүк акыларынан түзсө болот. Мында биринчиден бизнес аларды көзөмөлдөп турат. Экинчиден ал жерде иштөөгө укук алат. Чын чынына келгенде жеке сектор менен мамлекеттин кызыкчылыгы бир эле да.

Өкмөттүн түзүмүнүн бат бат алмашуусу аткаруучу органдардын ошондой эле ишкерлердин ишин дагы аксатаарын айткандар бар. Себеби жаны түзүлгөн түзүм өз ишине жаңыдан көнүшкөнчө кайра өзгөрүп кетип жатат да. Бул туура эле көз карашпы?

-Бул дагы жүйөөлү сөз. Өкмөткө ушунчалык көп акчаны казынадан сактап, кармап тура бергендин өзү туура эмес болуп жатат да. Мисалга коррупцияга каршы ИИМ, УКМК, жана анын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы дагы иштеп жатат. Булар расмий текшерүүчү органдар. Ал эми өкмөттүн алдында каржы полициясы дагы түзүлүп, андан кийин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү агенттиги болуп өзгөрдү. Булардын баарынын кылып жаткан иштери бир эле нерсе болуп жатпайбы. Мынчалык көзөмөлдүн эмне кереги бар? Мунун баары эле коррупция менен күрөшүп жаткан жок. Чын чынына келгенде күчтүү иштеп жатканы УКМК эле болуп жатат. Мурунку ревизорлордун үстүнөн кайра ревизор болгондой эле, ишкерлерди баш көтөртпөй, же баса калып, же тапканынан кошо бөлүшкөн көрүнүштөр болуп жатпайбы. Каржы полициясына макул дейли, эми каржылык чалгындоо деп түзүп эмне кереги бар эле. Каржылык чалгындоону УКМК жана ИИМдин системасында эле жүргүзө берсе боло берет эле да. Же эсеп палатасына эле бөлүм кылып киргизип койсо болот. Ага өзүнчө аппарат түзбөй эле. Аппараттын бир жаман жери, ага бир жетекчи керек, ага бир жардамчы керек. Анан жалпы бөлүм, алардын алдында катчылары болот. Уюштуруу комитети керек. Ушундай эле классикалык кызмат орундары түзүлгөндө өзүнөн өзү көбөйүп кетип жатпайбы. Мен түшүнөм, адамдарга жумуш керек. Аны дагы ойлонуубуз керек. Мисалга Орусиядан чоң кредит келип жатат. Ошол акчадан "Кичи бизнесиңерди өнүктүргүлө,"- деп мамлекет колдоо көрсөтүп койсо болот да. Мисалга бирөө ректорлука арыз жазса, арызды эч ким текшербейт, кайра эле айланып жүрүп келип ректоратка келип калып жатпайбы. Бул жерде органдар бири бирин калкалап тургандай болуп калып жатат. Албетте санэпидемстанция сыяктуу мамлекеттик стандарт болгон органдар калуусу керек. Калгандарын эркиндикке кое берсек болот.

Жогоруда УКМК, ИИМ тууралуу айтып кеттиңиз. Дагы кайсы агенттиктерди же аппараттарды, же алардын бөлүмдөрүн кыскартса болот? Кайсы мамлекеттик мекемелер кайталанма жумуштарды жасап калып жатат?

-Мисалга өндүрүштү өнүктүрүү үчүн мамлекеттик саясат керек деп коелук. Айыл чарба министрлигин дагы калтыралы. Бирок булар жеке жактарга түздөн түз жардам бере албай эле, алардын саясаты менен алек болуп калып жатат. Бул саясатты өкмөттүн аппараты эле жасап койсо болот да. Илгери мындай жумуштарды 7-8 адамдан турган Борбордук Комитеттин бир бөлүмү эле аткарып койчу. Азыр анын ордуна 70-80ден адамды министрликтерде кармап отуруп жатпайбызбы. Чарбага кийлигише турган органдардын баардыгын ассоциация кылып салыш керек. Мисалга дыйкандардын ассоциациясын түзүп кой. Кийим тигүүчүлөр ошентип эле чыгышпадыбы. Жеңил өнөр жай, тамак-аш өнөр жайы дегенди жоюп койдук эле, өздөрү эле ассоциация түзүп алышты. Өзүнүн аппаратын өзү түзүп алды. Бул ишкерлер үчүн иштей турган аппарат болот . Биз муну мамлекеттин атынан коюп жатпайбызбы. Экономикага түздөн-түз иштеп жаткандарга мунун эмне кереги бар? Ошол эле айыл чарба министрлигинин эмне кереги бар? Эл үчүн керектүүлөрүн калтырып койсок болот. Мисалы Билим берүү, Саламаттыкты сактоо министрликтери керек. Булардын ишкердикке тоскоолдугу болбойт. Мамлекеттик стандарт үчүн булар керек. Агенттик, ведомстволорду карап отурсаң 70%га кыскартып койчу жагдай бар. Мунун баарына казынадан акча кароонун кереги жок. Ал эми укук коргоо органдарын тескерисинче күчтөндүрүү керек. Чек арачыларга, милициясына, УКМКга үйлөрдү салып, Президент аябай туура кылып жатат. Бир канча жыл иштесеңер ушул үй силердики болот деген сыяктуу. Биз аларды өмүр бою иштеп жүрүп талаада калбагандай кылуубуз керек. Ушул сыяктуу мамлекетке түздөн түз тиешелүү болгон органдарды калтырып, калгандарын бизнестин өзүнө берсек жакшы болот. Корпоративдик системага өтүүбүз керек. Бул боюнча окумуштуулардын көп сунуштары бар, ошолорду эмнеге албайбыз? Атүгүл биз 40-50 район, 25тей шаар, 7 област кылып кармап жатпайбызбы. Инновациялык экономика институтунун директору профессор Мусакожоевдин, Осмонбеков деген геолог экөөнүн группасы менен экономикалык райондорду кантип түзүү керек деген сонун планы бар. Анда Кыргызстанда табияттын шарттарына жараша 19 округдук район түзүп койсо болот. Бул жерде жердин шарты, баардыгы ошонун ичине кирет.

Бабанов, Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн тушунда дагы ушундай кыскартуулар болгону жогоруда айтылбадыбы. Бирок эмнегедир уруксат алууда дейбизби, дегеле жалпысынан бул ишкерлердин ишин жеңилдеткен жок. Мамлекеттик органдардын ишин эффективдүү кылуу үчүн кандай иштер жасалуусу зарыл?

-Азыр Юстиция министрлигинде “бир терезе” деп жакшы нерсе уюштуруп койбодубу. Баардыгын эле бир жерден бүтүрмөй кылып. Эски аба майданын ордунда мамкаттоонун алдындагы паспорт берүү боюнча бөлүмү бар экен. Мен кечээ эле барып келдим, аябай жакшы уюштуруп коюшуптур. Ошону баардык эле министрликтерге түзүп койсо болот. Мисалга ар бир район борборуна шаарлардын ар бир районуна, керек болсо ар бир айылга. Мисалга электр энергиясына бирөө кол коет, анан экинчисин издеп, аны таппай калып, айылдан кайра келип, кетип, мунун баары эле адамдарды убара кылып жатат. Мунун баарын эле райондук өкмөткө жүктөп коюш керек. Бул жерде эч кандай кыйынчылык деле жок. Аны өкмөттүн аппараты телефон менен эле текшерип коюп турат.

Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз!

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...