Акыркы макалалар

Коргоо министрлиги: “Жаңы мыйзам долбоору акчалуулардын да, акчасы жоктордун да балдары бирдей аскердик милдетин өтөөсүн камсызд

Коомчулукта аскерге көбүнчө карапайым адамдардын балдары барып жатышат, деп айтылып жүрөт. Ал эми Коргоо министрлиги сунуштап жаткан мыйзам долбоору чоңдордун да, карапайым адамдардын да балдары бирдей аскердик милдетин өтөөсүн камсыздайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Коргоо министрлигинин уюштуруу жана мобилизациялоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Сыргак Бодобаев билдирди.

“Чоңдордун балдары ЖОЖдордо аскер кафедрасынан окуп, лейтенант деген аскер чинин алат, болду кете берет. Ал эми карапайым адамдардын балдары контракттын айынан ЖОЖдордо окуй албай калып жатышат. Биз аскер кафедраларын жоюуга сунуш киргизип жатабыз. Бул болсо акчалуулардын да, акчасы жоктордун да балдары бардыгы тең бирдей аскерден өтүүсүн шарттайт. Аскер кафедраларынан окуп эле офицер болуп алгандар көбөйүп кетти. Жаңы мыйзам долбоору аскердик кызмат өтөөдөгү, офицердик чин алуудагы коррупцияны жоёт, запастагы офицерлердин саны кыскарып, сапаттуу армия түзүлөт. Эгерде мыйзам долбоору өтүп калса, 18 жаштан жогору жарандар 60 миң сом төлөп, 40 күндүк аскердик даярдыкты өтүп, аскер билетин ала алат. Мындай тажрыйба Казакстанда, Өзбекстанда бар. Мындан тышкары ден соолугуна байланыштуу альтернативдик кызмат өтөөнү да жоюуну сунуштап жатабыз. Анткени, ден соолугуна шылтап, альтернативдик кызмат өтөгөндөрдүн саны кийинки кезде кыскарып кетти.

Эскерте кетсек, Коргоо министрлиги тарабынан сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоор аскердик кызмат өтөөдө коомду бай-кедейге бөлөт, анткени ал акчасы бар адамдар үчүн мекенди коргоодон кутулуунун оңой жолуна айланса, карапайым элдин балдары мурдагыдай эле бир жылдык аскерге барууга аргасыз болот, деген маалымат ЖМКларга жарыяланган.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...