Акыркы макалалар

Жумгал.Миң-Кушка айылына бир катар министирлер келишти

Азыркы сааттарга алынган маалыматтар боюнча Жумгал районунун Миң-Куш айылына Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин тапшырмасы менен барышкан Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен Энергетика министри Автандил Калмамбетов жана Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков электр энергиясы үзгүлтүккө учураган калган калк менен жеринде жолугушуп, кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча пикир алышты. Бул тууралуу маалыматты КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет. Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМ тарабынан 2,5 тонна күйүүчү май, эки даана генератор жана энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан жумуштарын ыкчамдатуу үчүн тиешелүү техникаларды бере тургандыгын билдирди. Энергетика министри Автандил Калмамбетовдун айтымында Кабак айыл аймагынын Табылгыты, Өрнөк, Дүңгүрөмө, Сары-Булуң айылдарына да убактылуу электр энергиясын берүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми жумуштун жалпы бүтүшү апрель айынын акырына чейин жүргүзүлөт. Азыркы учурда жергиликтүү жарандык коргоо кызматтары жана комиссиясы менен мындан аркы жумуштарды ыкчамдатуу боюнча жыйын өткөрүп жатышат.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...