Акыркы макалалар

Жаңы-Кыштак айылында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок муундар жаралды

Жаңы-Кыштак айылында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок муундар жаралды

Кара-Суу районундагы Жаңы-Кыштак айылында лөлү улутундагы 330 үй-бүлө жашайт. Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Ибрагим Гапировдун маалыматы боюнча, Ош шаарынан анча деле алыс эмес бул айылга алгачкы үй-бүлө мындан 80 жыл мурда байыр алган, азыркы учурда бул айылда катталган элдин саны 3,3 миң адамды түзөт. Алардын ичинен 1,5 миңден ашууну жашы жете электер.

Айыл тургундарынын айтуусуна караганда Жаңы-Кыштактын эли көбүнчө дыйканчылык менен тиричилик өткөрүшөт, негизинен пахта өстүрүшөт, союлган малдын терисин сатып алышып, аларды жууп-тазалап, аштап, анан кайра сатышат. Ошондуктан, айылга киргенде эле ашталган теринин жыты каңырсып турат. Айылдын элинин көпчүлүгү ата-бабаларынан калган кесипти да улантышып, айыл-апа кыдырышып, жез, темир жана башка майда-чүйдөлөрдү башма-баш алмаштырып жан баккандар да бар.

Лөлү айылы облустун башка айыл-кыштактарынан эч айырмасы жок, чатырлары ак шифер менен жабылган стандарттуу үйлөр, түз көчөлөр, ар бир үйдө электр жарыгы, телевизор, мобилдик байланыш. Жаңы-Кыштакта Мырза Турсун али атындагы орто мектеп да бар. 140 орундуу мектепте азыркы учурда 600гө жакын окуучулар билим алышат. Жарык жана чоң класстарда мектеп формасын кийинишкен, башка балдардан эч айырмасы жок жарык жүздүү окуучуларды көрүүгө болот. Бирок, алардын тең жарымынын туулгандыктары жөнүндө күбөлүктөрү жок. Бул жөнүндө Жаны Кыштак айылында балдардын укуктарын коргоо боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан "Үй-бүлө ар бир балага" коомдук фондунун жетекчиси Зейнеп Эшмуратова маалымдады.

Анын айтымында, 2013-жылы жүргүзүлгөн иликтөөдө Нариман айыл өкмөтүнүн, анын ичинде Жаны-Кыштак айылынын, 564 жаш тургундарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок болуп чыккан. Өздүктү аныктоочу документсиз саламаттыкты сактоо, билим, социалдык жөлөк пулдарды алууга, ишке орношууга жана башка кызматтардан пайдаланууга мүмкүнэмес.

Үч жылдын ичинде БУУнун качкындар менен иштөө боюнча Башкы комиссариатынын долбоорунун жана "Үй-бүлө ар бир балага" коомдук фондунун аракети менен 252 бала күбөлүктүү болушту.

"2015-2016- жаңы окуу жылынын башталышында Жаңы-Кыштак айылындагы Мырза Турсун Али мектебинин 1-классына 98 бала, ошондой эле мектеп алдындагы даярдоо классына 25 бала кабыл алынды. Азыркы учурда, алардын кимисинин документтери жок, такталып жатат", - деди Эшмуратова.

"Үй-бүлө ар бир балага" коомдук фондунун жетекчиси Эшмуратова Жаны-Кыштак айылындагы жаш балдардын укуктарынын бузулуу көйгөйү бир гана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн жоктугу жана билим алууга жетишсиздиги менен чектелбесин билдирди. Алардын ата-энелери айыл-апа кыдырышып, жез, темир жана башка майда-чүйдөлөрдү башма-баш алмаштырып же базарда ар кандай майда-чүйдө жумуш аткарышып, керээлден-кечке үйдө болушпагандыктан балдар көбүнчө кароосуз калышат. Өз убагында тамактануу, жеке гигиенаны сактоо, тарбиялык иштер боюнча чоң маселе бар, Ошондой эле жаш кыздардын эрте турмуш куруусу да көп кездешет.

"Бул айылдын жашы жете элек тургундарынын укуктарын коргоого коомдук уюмдардын көңүлү бурулуп жатканы бир топ көйгөйлөрдүн чечилишине жол ачууда", - деди Эшмуратова.

Жаңы-Кыштактагы Мырза Турсун Али мектебинин мүдүрү Гүлчехра Абдуллаеванын оюу боюнча акыркы жылдары айылдын эли балдарын окутууга кызыга башташты. Алар балдарын кыргыз мектепте окушун каалашат. 2002-жылга чейин айылда бир гана өзбек мектеп бар болуучу. Адегенде эксперименталдык кыргыз класстар ачылып, азыркы учурда толук бойдон окуу кыргыз тилинде жүргүзүлүүчү мектепке айланды.

"Кээ бир балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн жоктугуна карабастан 1-класска кабыл алып жатабыз. Мен бул балдарды биздин мектепте көргөнүмө аябай кубанам. Анткени, алар документи жок болгондуктары үчүн күнөөлүү эмес. Ошондой эле биздин өлкөдө ар бир баланын билим алууга укугу бар", - деди ал.

"Айылдын эли балдарынын мектепке бара баштаганына сүйүнүп жүрүшөт. Анткени, билимсиз жаркын келечек болбосун түшүнүп калышты. Айылдык мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен жогорку окуу жайларда билимин уланткандар да бар", - деп кошумчалады Абдуллаева.

Бул айылда жашоочу Муножат Орокова 8 баланын энеси. "Анын ичинен экөөнү гана төрөт үйүндө көз жардым, калгандарын үйдө. Бир дагы баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок, анткени 2013-жылга чейин өзүмдүн Кыргызстандын жарандыгы боюнча паспортум жок жүрдүм. Мен күйөөгө чыкканда паспортумдун жоктугунан жолдошумдун ата-энесинин кызы катары каттоодон өткөрүшкөн", - дейт ал. Муножаттын айтымында, анын ата-энесинин да документтери жок болгондуктан, паспортту бир топ кыйынчылык менен алды. Жарандык паспорт алууга БУУнун качкындар менен иштөө боюнча Башкы комиссариатынын долбоору менен "Чек арасыз Фергана өрөөнүнүн юристтери" коомдук бирикмеси жардам берген.

Айыл башчысы Руслан Уриновдун айтымына караганда, айыл тургундарынын тең жарымынын туулгандыктары жөнүндө күбөлүктөрү жок. "Анткени Жаңы-Кыштакта медициналык кызматкерлердин жетишсиздигинен аялдардын көпчүлүгү үйдө төрөшөт да,балдарына күбөлүк берилбей калат, - дейт Уринов. -Анын үстүнө биздин ата-энелердин көпчүлүгүнүн паспорттору болгон эмес. Ошого байланыштуу балдары төрөлгөндө да документ ала алышкан эмес".

Жаңы-Кыштак айылынын башчысы Руслан Уринов билдиргендей, бул айылда элдин маалыматынын аздыгынан документи жок бүтүндөй муун жаралды. Ал тургай кээ бир адамдар документ алууга да аракет жасашкан эмес. "Мен эл менен жолугушканда документ деген эмне экенин түшүндүрүшкө аракеттенем. Көчүп-конуп жүргөн турмушуна байланыштуу көбүндө паспорт жок жана балдарына документ алуу үчүн да кайрылышкан эмес. Бирок, азыр абал кыйла өзгөрдү. Адамдар документ алууну каалашат, аларга бул жөнүндө туура маалымат жеткирүү жана колдоо көрсөтүү керек", - деп кошумчалады Уринов.

Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Гапиров белгилегендей, акыркы 20-30 жылда пайда болгон паспортсуз жана туулгандыгы тууралуу күбөлүксүз муундун негизги көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү бийлик жана атуулдук коомдун өкүлдөрү менен биргеликте көп күч-аракетти жумшоо талап кылынууда. Эң негизгиси айылдын элинин укуктук аң-сезими ойгоно баштады.

Ал эми орто жашка чейин эле өздүгүн аныктоочу жарандык документсиз жашап келишкен аял-эркектердин колдоруна паспорт тийгендеги кубанычтары чексиз эле. Алар эми өздөрүн Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жараны катары сезип, көңүлдөрү көтөрүлгөнү байкалат.

Жаны-Кыштак айылынын жаштары спорт машыгуучу залдардын, аянтчалардын курулушуна жардам берүүнү өтүнүшөт. Алардын бул каалоосу табигый эмеспи. Мындан тышкары, элдин талабы менен айылда 2015-жылы медициналык пункт, бала бакча курулуп жатат. Буга чейин милиция бөлүмчөсү ачылган. "2016-жылдан баштап орто мектептин жаңы курулушу башталат", - деп кошумчалады айыл өкмөт башчы.

Этникалык азчылык болгон лөлүлөрдүн тобу жашаган Жаны-Кыштактын эли ушинтип жашоонун жаңы жолуна түщшө башташты.

Зинакан Пасаңова, журналист

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...