Акыркы макалалар

"Кыргыз көчүндө" түндүк көтөрүлүп, боз үй тигилет

Үстүбүздөгү жылдын 3-7-сентябрында өтө турган "Үчүнчү дүйнөлүк эпос фестивалынын " алкагында Бишкекте "Кыргыз көчү" этношаарчасы ачыла турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү эртең мененки саат 9.30да Мамлекеттик тарых музейинин алдында ачыла турган шаарчага 20дан ашуун боз үй тигилет. Анын ар биринде кыргыздын каада-салты, тамак-ашы тартууланат.

Этнографиялык айылдын аймагында улуттук буюмдар коюлган эл аралык көргөзмө уюштурулат

"Ачылуу аземинде "Түндүк көтөрүү" салты көрсөтүлүп, "Боз үйдү тез тигебиз" деген аталышта боз үйдү кыска мөөнөттө тиккен топтордун өнөрү сынга коюлат. Мындан тышкары, иш-чара ыр-күү менен коштолот", — деп айтылат билдирүүдө.

"Кыргыз көчү" кечки саат бешке чейин эл назарында болот.

Маалмат: Чабарман.кg

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...