Акыркы макалалар

БШК арыздарды кабыл алууну аяктады.14 партия шайлоого ат салышмай болду

Парламенттин шайлоого 14 партия катышат. Бул тууралуу кечээ, 25-августта болгон басма сөз жыйынында БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.

Ал кечээ саат 18.00дө БШК саясий партиялардын атынан депутаттыккка талапкерлердин тизмесин кабыл алууну аяктагынын эскертти.

Шайлоого төмөнкү партиялар катышмай болду:

"Республика - Ата-Журт";

"Мекен Ынтымагы";

"Замандаш";

"Бүтүн Кыргызстан Эмгек";

СДПК;

"Азаттык";

"Бир Бол";

"Улуу Кыргызстан";

"Аалам";

"Ата Мекен";

"Өнүгүү-Прогресс";

"Кыргызстан элдеринин конгресси";

"Ар-Намыс";

"Кыргызстан".

Эскерте кетсек, шайлоо 4-октябрга белгиленген. Башында 34 партия шайлоого катышууга арыз беришкен.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...