Акыркы макалалар

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көп катталууда

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көп катталууда

Үй-бүлөдөгү зордук зомбулук боюнча катталган фактылар өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн.

Социалдык коргоо коммиссиянын маалыматы боюнча 2015-жылдын 7 ай ичинде 179 бала кароого алынын, анын ичинен 45 бала бала асыроого,89 бала камкордукка жөнөтүлгөн.

Үй бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы күрөшүү максатында район-шаарларда жайгашкан мектептерде, жашы жете элек балдарга, көчө балдарына, араба түрткөн балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 2015-жылдын 7 ай ичинде 6 факты катталган. Алардын эң орчундуусу Сузак районунда болгон окуя. Эске салсак Сузак районунун тургуну өзүнүн өгөй баласын күйүп турган печкага буту менен тургузуп койгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп Сузак райондук соту тарабынан өгөй атасын 20 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

Өкүл Жумагул Эгембердиева мына ушундай окуялар дагы катталбоосу үчүн алдын алып түшүндүрүү ишин жүргүзүү керектигин район акимдеринен талап кылды.

Гүлдана АБДЫЛАЕВА “АЙМАК”

Түп нускага шилтеме : www.aymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...