Акыркы макалалар

Футбол боюнча улуттук курама Бахрейнге машыгууга кетет

22-августта футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Бахрейндин Манама шаарына жөнөп кетишет. Бул тууралуу “Марал” радиосуна КРнын футбол федерациясынын басма сөз катчысы Теңгелбес Мусабаев билдирди.

Анын айтымында, кураманын 23 оюнчусу 1-сентябрга чейин окуу-машыгуудан өтүшөт. Андан кийин Улуттук курама Иорданиянын командасы менен беттешет. Даярдыктардын бардыгы 22-августтан баштап алдыдагы беттешүүлөргө арналат.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстан курамасы бир нече беттештерди өткөрөт.

Алсак 13-сентябрда Бангладештин, 8-октябрда Тажикистандын улуттук курамы менен өз жеринде ойной турганын Спорт агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров маалымдайт.

Ал эми 9-сентябрда Кыргызстан Иорданияга каршы турат.

Кошумчалай кетсек, дүйнө чемпионатынын тандоо турунда 11-июнда Бангладештин курамасын 3:1 эсебинде утуп, 16-июнда Улуттук кураманын оюнчулары Австралияга 1-2 эсебинде жеңилген.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...