Акыркы макалалар

Мектеп формасы: окуучу менен ата-энелердин суроосу көбөйдү

Мектеп формасы: окуучу менен ата-энелердин суроосу көбөйдү

Жаңы окуу жылынын башталаарына саналуу гана күндөр калды жана сарамжалдуу ата-энелер мектепке эң эле зарыл болгондорду сатып алыш үчүн камынып жаткан кез. Эгерде канцтоварларды сатып алып тынчтанып отуруп кала турган болсок, мектеп формасын сатып алуу бир катар маселелерди жаратууда. Учурда базардагы кээ бир сатуучулар "кочкул кызыл күрмөсү бар форма гана милдеттүү түрдө кийгизилет экен",- деп ата-энелерди адаштырып жатышат.

Буга чейин белгилүү болгондой, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып республикадагы жалпы билим берүү мектептери милдеттүү түрдө мектеп формасын киргизиши керек. Бирок буга чейин киргизилет деп жаткан, өткөн жылы добуш берүү аркылуу тандалып алынган бирдиктүү мектеп формасы быйыл кийгизилбей калды. Анын ордуна жаңы стандарттар менен мектептер өзү тандап алган форма киргизилиши керек. Бекитилген стандарттарга ылайык төрт түс: кара, көк, боз, кочкул кызыл түстөгү атайын форманы кийүү сунушталган.

Министрликтин буйругу кандай аткарылып жатканын билүү максатында биз баш калаадагы мектептерге телефон чалдык. Бишкектеги № 6 мектепте мектеп окуучуларынын формасы алардын жаш курагына жараша өзгөчөлөнмөкчү. Гимназияда окуган окуучулардын ата-энелери маселенин баардык жагын кылдат билүүлөрү үчүн ушул жылдын апрель айында эле мектеп формасынын үлгүлөрүнүн сүрөттөрү тартылган жана алардын болжолдуу баасы, ошондой эле сатып алуучу жайлардын дареги жазылган маалымат стенди илинген экен.

№ 28 мектептегилер уюштуруу иштерин андан ары дагы өркүндөтүп жиберишкен. 25-августтан тартып мектептин аймагында мектеп формасы сатыла баштайт. Бир комплектин баасы кийимдин өлчөмүнө жараша 2 миң сомдон жогору бааланмакчы.

№ 26 мектепте баасы ар түрдүү болгон үч форманы тандап алууну сунуш кылышкан, муну ар түрдүү социалдык абалдагы ата-энелердин чөнтөгүнө туура келиш үчүн уюштурушканын айтышты.

Ал эми Бишкек шаарынын айланасындагы мектептердин биринде окуучулардын ата-энелеринин материалдык абалын жакшы түшүнүп, мектеп окуучусунун кийими тыкан болсун деген гана талапты коюшкан.

Билим берүү министрлиги: Ар бир мектеп форманы өзү тандашы керек

Өзүңүздөр баамдагандай, ар бир мектепте ар кандай даярдык болуп жатканы белгилүү болду. Ал эми Билим берүү министрлиги буга чейин эскерткендей, жаңы окуу жылында ар бир мектеп формасын өзү тандамакчы. Буга чейин Министрлик КРдин өкмөтү мектеп формасынын кеңейтилген стандарттары тууралуу токтом чыгарылганын маалымдады.

"Ата-энелер паника болбошу керек, мектеп жетекчилиги 10-сентябрга чейин ата-энелер менен биргеликте форманы аныктап, ата-энелер менен балдарга жаккан форманы тандашы зарыл. Чечим бир форма боюнча гана кабыл алынат. Мисалы, кочкул кызыл күрмөсү бар форма стандартка дал келет, бирок аны сиздердин балдар окуган мектептин ата-энелер жана мугалимдер кеңеши тандап алса гана сатып алсаңыз болот",-деп билдирди Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева.

Министр ошондой эле 30-сентябрга чейин баардык мектеп окуучуларына эркин форма кийүүгө уруксат берилгенин эскертти. Бул мөөнөт ата-энелер форманы тандап алышына убакыт бериш үчүн тандалган.

Министрликте бул маселе боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топ жер-жерлердеги мектептерди кыдырып, бирдиктүу форманы тандап алуу жана киргизүү менен иш алып бармакчы. Бирдиктүү мектеп формасын кийгизүү пландуу түрдө жүргүзулөт. "Эгерде мектеп формасынын стандартын жаңылоо боюнча кошумча сунуштар түшө турган болсо андан министрлик стандартка тиешелүү өзгөртүү киргизет",-деп белгиледи министр Сариева.

Ошол эле учурда министрликтен мектеп формасы классикалык мүнөздө болушу керектигин, жалпы билим берүү мекемелерине окуучулар спорттук, джинси, үй кийимин кийип барбашы керектигин кошумчалашты. Буга байланыштуу министрлик тарабынан ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын 1-июлунда SMS добуш берүүнүн жыйынтыгы мене мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасы тандалып алынган. 300 миңдей кыргызстандык окуучулардын формасын тандап алууга добуш беришкен. Улуттук колорит камтылган үлгүдө тигилген форма быйылкы 2015-2016-жаңы окуу жылында бирдиктүү мектеп формасы катары милдеттүү түрдө киргизилмей болгон. Бирдиктүү мектеп формасы өткөн окуу жылынын 1-сентябрынан тартып киргизилмек, бирок бир катар, каржылык, социалдык маселелерден улам былтыр окуучуларга форманы милдетүү түрдө кийгизүү сунушталган эмес.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...