Акыркы макалалар

Таш-Көмүрдөгү «Авиньен» ишканасынын курулушу токтоп турат

Таш-Көмүр шаарындагы темир эритмесин чыгаруучу «Авиньен» жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) биринчи пайдубалы курулуп баштап, учурда токтоп турат.

Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн өнөр жай, курулуш жана коммуникация секторунун башкы адиси Талант Мамасадыков билдирди.

Ал белгилегендей, сметалык баасы 75,3 млн. долларды түзгөн бул ишкана 18 айда курулушу аяктап, ишке берилүүсү белгиленген болчу. Эгерде ишке берилгенде 500 адам жумушчу орду менен камсыз болмок.

«Чет элдик инвестицияны тартуу аркылуу облустун аймагында жаңы ишканаларды куруп, калкты жумуш менен камсыз кылуу багытында бир топ иштер колго алынбай келүүдө. Учурда облус аймагында жыл башынан бери токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү аракеттери жүрүүдө»,-дейт Т.Мамасадыков.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

29.03.2013, №12

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...