Акыркы макалалар

А.КАДЫРБАЕВ: ОШ ШААРЫНДАГЫ КӨПҮРӨ ОКТЯБРЬ АЙЫНДА БҮТӨТ

А.КАДЫРБАЕВ: ОШ ШААРЫНДАГЫ КӨПҮРӨ ОКТЯБРЬ АЙЫНДА БҮТӨТ

Ош шаарындагы асма көпүрө ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берилет. Азыр акыркы иштери аткарылууда. Аткарылып жаткан иштин 2-этабы сентябрь айында бүтөт. Ал эми 3-этабы үчүн тендер август айынын аягында өткөрүлөт. Ошондо кошумча жолдордун курулушу башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 18-августта билдирди.

“Биз ойлоп турабыз, октябрь айына курулушу бүтөт деп белгиленген. Буйруса, белгиленген мөөнөттө бүтүп, шаардыктардын пайдалануусуна беребиз”,-деди Кадырбаев.

Белгилүү болгондой, Көпүрөнүн курулушуна РФдан 669 млн сом бөлүнгөн. Мэр анын 222 млн сому иштетилгенин айтты. Биринчи этаптын тендердик баасы 16 млн сомду түзсө, кийинкисине 284 млн сом акча каражаты жумшалды.

Пайдаланууга октябрь айында берилет деп Кадырбаев айтканга чейин көпүрөнү куруп жаткан “Сафари” ЖЧКсынын жетекчилиги ушул жылдын ноябрь айында бүтөөнүн айткан болчу.

Белгилей кетсек, Ош шаарындагы асма көпүрө Мелисбек Мырзакматов мэр болуп турганда, 2013-жылы 5-октябрда башталган.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...